КУМТӨР КЕН ИШКАНАСЫНДА  220/110/10 КВ ТАМГА КӨМӨКЧОРДОНУНАН КУМТӨР КЕНИНЕ ЧЕЙИН 220 КВ ЭЛЕКТР БЕРҮҮ ЛИНИЯСЫН, КУМТӨР КЕНИНДЕ 220/110/10 КВ КӨМӨКЧОРДОНДУ ЖАНА 220/110 КВ КӨМӨКЧОРДОНДОН КУМТӨРГӨ 110 КВ ЭЛЕКТР БЕРҮҮ ЛИНИЯСЫН ДОЛБООРЛОО ЖАНА КУРУУГА ЧЕКТЕЛГЕН КАТЫШУУ МЕНЕН КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫН АЛДЫНДАГЫ ТАНДООГО КАТЫШУУГА ЧАКЫРАТ

КУМТӨР КЕН ИШКАНАСЫНДА  220/110/10 КВ ТАМГА КӨМӨКЧОРДОНУНАН КУМТӨР КЕНИНЕ ЧЕЙИН 220 КВ ЭЛЕКТР БЕРҮҮ ЛИНИЯСЫН, КУМТӨР КЕНИНДЕ 220/110/10 КВ КӨМӨКЧОРДОНДУ ЖАНА 220/110 КВ КӨМӨКЧОРДОНДОН КУМТӨРГӨ 110 КВ ЭЛЕКТР БЕРҮҮ ЛИНИЯСЫН ДОЛБООРЛОО ЖАНА КУРУУГА ЧЕКТЕЛГЕН КАТЫШУУ МЕНЕН КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫН АЛДЫНДАГЫ ТАНДООГО КАТЫШУУГА ЧАКЫРАТ

Жарыяланган: 30 July 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 8-августу саат 14:00 чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы Кумтөр кен ишканасында  220/110/10 кВ Тамга көмөкчордонунан Кумтөр кенине чейин 220 кВ электр берүү линиясын, Кумтөр кенинде 220/110/10 кВ көмөкчордонду жана 220/110 кВ көмөкчордондон Кумтөргө 110 кВ электр берүү линиясын долбоорлоо жана курууга чектелген катышуу менен конкурс өткөрүү үчүн квалификациянын алдындагы тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Алдын ала квалификациялык тандоодон өтүүгө конкурстук табыштамага жана башка документтерге келишим боюнча өтүнмөгө жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам кол коюуга тийиш. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш.
Сунуштарды берүүнүн тартиби:

 

Конкурстун Катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде сунуш берүүгө, документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды электрондук түрдө PSDVL220@kumtor.kg  электрондук дарекке 2025-жылдын 08-августунун саат 14:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.

Техникалык тапшырма, эскиздик долбоор конфиденциалдуулук жөнүндө берилген кол коюлган макулдашуунун негизинде алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн катышуучуларга гана берилет.

Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтууга тийиш: Алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат.
5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрүн, аткарылган иштердин актыларын тиркөө).
110 кВ жана андан жогору чыңалуудагы трансформатордук көмөкчордондор, электр менен камсыздоо, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр жана электр берүү линиялары үчүн жоопкерчиликтин 1-деңгээлин долбоорлоого жана курууга лицензия;
Башкы долбоорлоочунун жана башкы подрядчынын функциялары үчүн жоопкерчиликтин 1-деңгээлиндеги лицензия;

Өрткө каршы автоматташтырылган системаларды долбоорлоого лицензия;

220 кВ тармактарында долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана ишке киргизүү боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

«Ачкыч тапшыруу» системасында тажрыйба, б.а. долбоорлоо, жабдууларды жеткирүү, 220 кВ тармактарда курулуш, монтаждоо жана ишке киргизүү иштери. Акыркы 5 жыл үчүн маалымат берүү;

Бул долбоорду ишке ашырууга болжолдуу катыша турган инженердик-техникалык персоналдын, жумушчулардын, тийиштүү түрдө аттестацияланган квалификациялуу адистеринин жетиштүү саны жөнүндө маалымат жана КР тийиштүү органы тарабынан берилген квалификациялык күбөлүктөрдү тиркелиши керек;

Бул жумуштарды аткаруу учун жетиштуу сандагы аспаптар, жабдуулар, машиналар жана механизмдер жөнүндө маалымат

Мурдагы келишимдердин аткарылышы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер.
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген өткөн көчүрмөсү;
Иштин негизги түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат.
2023-2024-жылдар үчүн баштапкы финансылык отчеттун сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Б ухгалтердик баланс;

·      Киреше жана чыгым жөнүндө отчет;

·      Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·      Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

2023-2024-жылдарга Бирдиктүү салык декларациясы.

Баалоо критерийлери: Алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн деп бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана Суралган документтердин толук пакетин берген сунуш таанылат.
«220 кВ электр берүү линиясын долбоорлоо жана куруу» темасы менен катышууга чакыруу 2025-жылдын 08 августунда саат 14:00гө чейин PSDVL220@kumtor.kg электрондук почтага жөнөтүлүшү керек.  
Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуу сунушу расмий бланктарда болушу керек.
Алдын ала квалификациялык тандоонун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген катышууга сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Алдын ала квалификациялык тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 40 календардык күндөн кем болбоого тийиш.

Конкурстук сунушту колдонуу мөөнөтүнө катышууга сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул алдын ала квалификацияга байланыштуу бардык суроолор жана алдын ала квалификациянын шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн калганда төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:

Ушул алдын ала квалификациялык тандоо боюнча, бардык суроолор жана алдын ала квалификациялык тандоонун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроолор, сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн калганда электрондук почта аркылуу gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарекке жөнөтүлүшү керек.

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

prilozhenie-№1_VLPSD220

prilozhenie-№2_VLPSD220

prilozhenie-№3_VLPSD220

shablon-dogovora-VLPSD220

forma-№-1-VLPSD220

forma-№2_VLPSD220