Жарыяланган: 30 April 2025
Кымбаттуу кесиптештер! 1-май жаркыраган жаз, эмгек майрамы менен бардыгыңыздарды, анын ичинде 4 миң метр бийиктикте кабагым кашым дебей иштеп келе жаткан жалпыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мындай бийиктикте иштөө жөн гана “вахтага чыгып келүү” эмес, бул кайраттуулук жана чыдамкайлык менен заманбап, татаал өндүрүштүн тилин тапкан кесипкөйлүк. Коюлган милдеттерди 100 пайыз майын чыгара аткарууга умтулган зор аракеттериңер менен муну күн сайын далилдеп келесиңер.
Сиздер жөн эле “иштеп” эмес, зор жоопкерчиликти мойнуңузга артынып алып, бүтүндөй өлкөбүздүн өнөр жай флагманын алдыга жылдырып келесиңер. Ак ниет бул эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул куттуу майрамда бекем ден соолук, коопсуз эмгек жана зор ийгиликтерди каалайбыз. Иш менен жеке жашоонун, өндүрүштүк тапшырма менен үй бүлөлүк эс алуунун тең салмактуулугун кармап, жашоону жаркырата жашаңыз. Ушул жаз баарыңыздарга ашып-ташыган энергияны тартуулап, жагымдуу жанылыктарга бай болсун.
Майрамыңыздар менен, кесиптештер!
Урматтоо менен,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Башкармалыгы