КУМТӨР КЕНИНДЕ ДРОНДОРДУ (УУА) ЖАНА КВАДРОКОПТЕРЛЕРДИ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО БОЮНЧА

КУМТӨР КЕНИНДЕ ДРОНДОРДУ (УУА) ЖАНА КВАДРОКОПТЕРЛЕРДИ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО БОЮНЧА

Жарыяланган: 23 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 31-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК кызыкдар юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди Кумтөр кенинде дрондорду (УУА) жана квадрокоптерлерди техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө эки пакеттик ыкма менен өткөрүлүүчү чектөөсүз катышуу менен конкурска катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Конкурстук өтүнмөгө жана башка документтерге өтүнмөгө жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюуга тийиш. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек.

Конкурстук сунушту даярдоодон мурун, катышуучу Конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускаманы (жеткирүүчүлөр үчүн) (1-тиркеме) окуп чыгышы керек

Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө кат тариздөө зарыл:

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада “Дрондарды жана квадрокоптерлерди тейлөө жана оңдоо. Квалификациялык документтер”

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет.

Темада “Дрондарды жана квадрокоптерлерди тейлөө жана оңдоо. Финансылык документтер”

1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүк
 Квалификациялык жана техникалык сунуштарды берүү тартиби Конкурстун катышуучулары 2026-жылдын 31-июлунда саат 14:00гө (Бишкек убактысы боюнча) чейин кыргыз же орус тилинде катышуу сунушун берип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө drones@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүшү керек..

Техникалык тапшырма тиркелет (7-тиркеме)

Катышууга сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш: Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат, арыздын формасы тиркелет (2-тиркеме)
Юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:

  • Уставдын сканерленген көчүрмөсүн;
  • жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин (буйруктун) сканерленген көчүрмөсүн.

Жеке ишкерлер үчүн:

  • мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсүн;
  • ишкердин паспортунун көчүрмөсү.
Акыркы отчеттук күнгө карата мамлекеттик органдарга салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат
2024-2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун сканерленген көчүрмөлөрү

Юридикалык жактар үчүн:

  • Бухгалтердик баланс;
  • Пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет;
  • Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
  • Капиталдын өзгөрүшү жөнүндө отчет;
  • же Бирдиктүү салык декларациясы.

Жеке ишкерлер үчүн:

  • Бирдиктүү салык декларациясы;
  • же болбосо ишкердикти жүргүзгөндүгүн тастыктаган башка салык отчеттору.
  • Карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат
Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация, өтүнмөнүн формасы тиркелет (3-тиркеме)
Конкурстук өтүнмөнү кепилдөөчү декларация, формасы тиркелет (4-тиркеме)

Катышуучунун толтурулган анкетасы, формасы тиркелет (8-тиркеме) Соттук териштирүүлөргө катышуу жөнүндө маалыматтар, формасы тиркелет (9-тиркеме)

Жеткирүүчүгө коюлган талаптар ТЗ No7 тиркемесине ылайык
Биринчи этаптын баалоо критерийлери: Конкурстун биринчи этабынан өткөн деп бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин берген сунуш таанылат.

Тандоонун катышуучулары техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык жана техникалык маалыматтарды ырастоо үчүн талап кылынган бардык документтерди берүүгө милдеттүү.

Финансылык сунушту берүүнүн тартиби 2-этап: Сунуштун финансылык бөлүгү:
  Финансылык/коммерциялык сунуш өзүнчө архив тарабынан берилет.. Финансылык/коммерциялык сунуш баа сунушунун формасына ылайык (No6 тиркеме), катышуучунун расмий бланкында таризделиши керек жана “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын дарегине кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын, аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөө шарттарын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жөнөтүлүшү керек. Пароль ушул конкурс боюнча жооптуу адамдын суроо-талабы боюнча берилет. Архивдин сырсөзү кеминде 6 белгиден турушу керек.

Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардын гана сырсөздөрү суралат.

Финансылык/коммерциялык сунуш сырсөздөрсүз же квалификациялык документтер менен бирге берилген учурда сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Катышуу сунушун теманы көрсөтүү менен drones@kumtor.kg электрондук почтасына 2026-жылдын “31” июлундагы саат 14-00гө (Бишкек убактысы) чейин жөнөтүңүз.

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада “Дрондарды жана квадрокоптерлерди тейлөө жана оңдоо. Квалификациялык документтер”

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада “Дрондарды жана квадрокоптерлерди тейлөө жана оңдоо. Финансылык документтер”

Буйрутмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишимди ыйгарууга чейин каалаган убакта конкурстук процессти жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуу сунушу расмий бланкта болушу керек.
Конкурстун Катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кеч берилген катышууга сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талабында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Конкурстун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем болбоого тийиш.

Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүндө катышууга сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул келишимдин долбоору акыркы болуп саналбайт жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөрөт  (5-тиркеме) .

Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор жана конкурстун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: Marlen.Turatbekov@kumtor.kg сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун.
Келишим коммерциялык сунушу тандоонун жана техникалык тапшырманын шарттарына жооп берген, биринчи жана экинчи этаптан өткөн жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучуга ыйгарылат.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР