КУМТӨР КЕН ИШКАНАСЫНДА АВТОМОБИЛДИК ТЕХНИКАНЫ ТЕЙЛӨӨ ҮЧҮН УБАКТЫЛУУ МАСТЕРСКОЙЛОРДУН ДОЛБООРДУК-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТТЕРИН (ДСД) ИШТЕП ЧЫГУУГА ЧЕКТЕЛГЕН КАТЫШУУ МЕНЕН КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫН АЛДЫНДАГЫ ТАНДОО

КУМТӨР КЕН ИШКАНАСЫНДА АВТОМОБИЛДИК ТЕХНИКАНЫ ТЕЙЛӨӨ ҮЧҮН УБАКТЫЛУУ МАСТЕРСКОЙЛОРДУН ДОЛБООРДУК-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТТЕРИН (ДСД) ИШТЕП ЧЫГУУГА ЧЕКТЕЛГЕН КАТЫШУУ МЕНЕН КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ҮЧҮН КВАЛИФИКАЦИЯНЫН АЛДЫНДАГЫ ТАНДОО

Жарыяланган: 23 July 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 31-июлу саат 14:00 чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы Кумтөр кен ишканасында автомобилдик техниканы тейлөө үчүн убактылуу мастерскойлордун долбоордук-сметалык документтерин (ДСД) иштеп чыгууга чектелген катышуу менен конкурс өткөрүү үчүн квалификациянын алдындагы тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Алдын ала квалификациялык тандоодон өтүүгө конкурстук табыштамага жана башка документтерге келишим боюнча өтүнмөгө жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам кол коюуга тийиш. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш.
Сунуштарды берүүнүн тартиби

 

Конкурстун Катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде сунуш берүүгө, документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды электрондук түрдө psd_masterskaya-2@kumtor.kg электрондук дарекке 2025-жылдын 31-июлунда саат 14:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.

Техникалык тапшырма, эскиздик долбоор конфиденциалдуулук жөнүндө берилген кол коюлган макулдашуунун негизинде алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн катышуучуларга гана берилет.

Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтууга тийиш: Алдын ала квалификациялык тандоого катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат.
5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрүн, аткарылган иштердин актыларын тиркөө).
Көлөмү жана максаты боюнча конкурс өткөрүлгөнгө окшош иштер боюнча кеминде эки долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы.
–    Атайын бөлүмдөрдү (сметаларды, айлана-чөйрөгө таасирди баалоо) жана башка талап кылынган бөлүмдөрдү иштеп чыгуу укугу менен курулушту долбоорлоого жана конструкциялоо (өндүрүштүк багыттагы объекттер) II жоопкерчилик деңгээлиндеги лицензиянын болушу;

–    Өрткө каршы автоматика тутумдарын долбоорлоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан берилген лицензиянын жана долбоорлоого жана мамлекеттик экспертизадан өтүүгө сертификаттардын болушу;

–    Долбоорлоо боюнча инженерлерде (жок дегенде -Долбоордун Башкы Инженери (ДБИ), инженер-конструктордо, инженер-эсептегичте, инженер-сметачыда, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адисте жана иштерди аткаруу үчүн талап кылынуучу башка адистерде) тиешелүү квалификациялык сертификаттардын болушу.

Мурдагы келишимдердин аткарылышы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер.
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген өткөн көчүрмөсү;
Иштин негизги түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Акыркы отчеттук датага карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат.
2023-2024-жылдар үчүн баштапкы финансылык отчеттун сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Б ухгалтердик баланс;

·      Киреше жана чыгым жөнүндө отчет;

·      Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·      Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

2023-2024-жылдарга Бирдиктүү салык декларациясы.

Баалоо критерийлери: Алдын ала квалификациялык тандоодон өткөн деп бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана Суралган документтердин толук пакетин берген сунуш таанылат.
«Кумтөр кен ишканасында автомобилдик техниканы тейлөө үчүн убактылуу мастерскойлордун долбоордук-сметалык документтерин (ДСД) иштеп чыгуу» темасы менен катышууга чакыруу 2025-жылдын 31-июлунда саат 14:00гө чейин  psd_masterskaya-2@kumtor.kg электрондук почтага жөнөтүлүшү керек.  
Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуу сунушу расмий бланктарда болушу керек.
Алдын ала квалификациялык тандоонун катышуучулары тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген катышууга сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Алдын ала квалификациялык тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 40 календардык күндөн кем болбоого тийиш.

Конкурстук сунушту колдонуу мөөнөтүнө катышууга сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул алдын ала квалификацияга байланыштуу бардык суроолор жана алдын ала квалификациянын шарттарын тактоо боюнча суроо-талаптар, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн калганда төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:

Ушул алдын ала квалификациялык тандоо боюнча, бардык суроолор жана алдын ала квалификациялык тандоонун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроолор, сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү келгенге чейин 3 календардык күн калганда электрондук почта аркылуу zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg дарекке жөнөтүлүшү керек.

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

Форма №1

Форма №2

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №3

ДОГОВОР ОКАЗАНИЯ УСЛУГ