“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Кен ишканасынын Медициналык пунктуна жана Бишкек шаарынын Медициналык кеңсесине эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
                Жарыяланган:  26 July 2023
                ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
Талаптар:
- «Дарылоо иши» багыты боюнча жогорку медициналык билим (ЖОЖду аяктаган учурдан тартып 5 жылдан ашык эмес;
 
- ПК ишенимдүү колдонуучусу, MS Office, Google Docs, Zoom программаларды билүү;
 
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
 
- Аткаручуулук жана тартиптүүлүк;
 
- Тыкандык, командада иштей билүү;
 
- Медициналык жактан жумушка жарактуу жакшы физикалык формага ээ болуу.
 
Кен ишканасынын медициналык пунктунда стажердун милдеттери:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу, жетекчиси жок болгон учурда аны алмаштыруучу адисинин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
 
- Медициналык маалымат базасына маалыматтарды киргизүү;
 
- Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө катышуу;
 
- Кен ишканасынын дарыгери менен биргеликте өзгөчө кырдаал оорулууларды кен ишканадан шашылыш түшүүрүдө коштоп кетүү;
 
- Кен ишканасындагы дарыгерлердин иштеринде жардам көрсөтүү.
 
Бишкек шаарынын медициналык кеңсесинде стажердун милдеттери:
- Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу, жетекчиси жок болгон учурда аны алмаштыруучу адисинин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
 
- Медициналык маалымат базасына маалыматтарды киргизүү;
 
- Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүүгө катышуу;
 
- Медициналык бөлүмдүн конференцияларына жана семинарларына жардам көрсөтүү.
 
Такшалма шарттары:
- 
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
 
- Такшалма өтүү жери – Кумтор кен ишканасы (Бишкек шаарыдагы кеңсе)
 
- Жумуш графиги – 14/14 (5/2)
 
Тандоого катышуу үчүн:                                                                                                                                       2023-жыл 8-август саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.