«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» HR АДИСТЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» HR АДИСТЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАЙТ

Жарыяланган: 15 September 2025

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилиги компаниянын HR адистерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Компаниябыздын кызматкерлери – биздин эң чоң байлыгыбыз жана жетишкендигибиз. Ынтымактуу жана кесипкөй жамаатсыз ийгиликке жетишүү, алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө компанияда 3,4 миңден ашык кызматкер эмгектенет, алардын ар бири жалпы ишке күйгөн, өз ишинин мыктылары.

Керектүү адистерди тандап, аларды жаңы командага аралаштырып, жамаатта иштөөнүн баштапкы этабында жардам көрсөтүү – дал ушул HR адистеринин милдети. Бул ишти жогорку кесипкөйлүк менен аткарып жаткан ишиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз!