Жарыяланган: 20 June 2025
Кумтөр кен жайындагы долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин инспекциялоонун алкагында, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кен жайындагы алтынды жер астынан казып алуу ишинин жүрүшү менен таанышты.
“Кыргызалтындын” башчысы Кубат Абдраимов 2024-жылдын февраль айында ишке ашырыла баштаган долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Өткөн жылы компаниянын тоо-кенчилери жер астын көздөй 460 метр көзөп өтүүгө жетишишти, бул жылы дагы 3700 метрге тереңдетүү пландап жатышат, бүгүнкү күнгө жалпы 1231 метр көзөлдү. Бул татаал, бирок толугу менен аткарылуучу милдет. Эгер баары план боюнча кетсе, алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун алкагындагы алгачкы алтынды ушул жылы ала баштайбыз”, – деди ал.
Кубат Абдраимов ошондой эле бул долбоор экономикалык гана эмес, экологиялык жактан дагы пайдалуу экенин, технико-экономикалык жактан долбоор рентабелдүү деп табылганын кошумчалады. “Демек, долбоордун ишке ашыуусу менен “Кумтөр Голд Компанинин” финансылык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жакшырып, республикалык бюджетке салыктык чегерүүлөр да көбөйөт”, – деди ал.