КРЕПЬ ТҮРЛӨРҮН ЖАНА АЛАРДЫН ПАРАМЕТРЛЕРИН ТАНДОО БОЮНЧА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК РЕГЛАМЕНТТИ ИШТЕП ЧЫГУУ. «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН ЖЕР АЛДЫНДАГЫ ИШТЕРДИ КАТМАРЛАП КАЗЫП АЛУУ ЖАНА ИШТЕЛГЕН БОШТУКТУ КАЙРА ТОЛТУРУУ ЫКМАСЫ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ ТОО БАСЫМЫН БАШКАРУУ БОЮНЧА НУСКАМА

КРЕПЬ ТҮРЛӨРҮН ЖАНА АЛАРДЫН ПАРАМЕТРЛЕРИН ТАНДОО БОЮНЧА ТЕХНОЛОГИЯЛЫК РЕГЛАМЕНТТИ ИШТЕП ЧЫГУУ. «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ҮЧҮН ЖЕР АЛДЫНДАГЫ ИШТЕРДИ КАТМАРЛАП КАЗЫП АЛУУ ЖАНА ИШТЕЛГЕН БОШТУКТУ КАЙРА ТОЛТУРУУ ЫКМАСЫ МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ ТОО БАСЫМЫН БАШКАРУУ БОЮНЧА НУСКАМА

Жарыяланган: 17 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-апрели, саат 14:00.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга чакырат: «Крепь түрлөрүн жана алардын параметрлерин тандоо боюнча Технологиялык регламентти иштеп чыгуу. «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн жер алдындагы иштерди катмарлап казып алуу жана иштелген боштукту кайра толтуруу ыкмасы менен жүргүзүүдө тоо басымын башкаруу боюнча нускама».

Тапшыруу форматы:

 

Катышууга табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши зарыл. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык/күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

 

Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык табыштамаларды орус тилинде, зарыл документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүшү керек: geotech2026@kumtor.kg, 2026-жылдын 30-апрели, саат 14:00гө чейин.

Техникалык тапшырма ушул конкурстук документацияга тиркелет.

Катышуучу Буйрутмачы тарабынан берилген Техникалык тапшырмага ылайык табыштаманын баасын камтыган коммерциялык сунушту берүүгө милдеттенет.

Маанилүү!!!

 

Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш.

Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп жөнөтүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл:

1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» Бөлүк 1.

2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» Бөлүк 2, жана ушундай эле тартипте.

Булут сактагычтан документтерди жүктөп алуу шилтемелеринин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булут сактагычтарга жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт.

Катышуучунун конкурстук табыштамасына керектүү документтер эки топтомго бөлүнүшү керек.

Биринчи документтер топтому:

1.      Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары.

Конкурстук табыштаманын баасын, ошондой эле сунуштун баасын ачып бере турган башка кандай гана маалымат болбосун көрсөтүүгө жол берилбейт. Биринчи документтер топтомунда өз сунушунун баасын көрсөткөн катышуучунун конкурстук табыштамасы четке кагылат.

Экинчи документтер топтому:

2. Каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл:

«Сунуштун баасы (катышуучунун аталышы)»

Каттын мазмуну сырсөз менен шифрлениши керек. Катышуучу баалоонун биринчи этабынан өткөн учурда сырсөз суралат.

·         Жеңүүчү болуп баа/сапат/кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүнүн катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштама берген катышуучу таанылат.

·         Конкурстун катышуучусу көрсөткөн иштердин баасы бардык чыгымдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу салыктарды, алымарды, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле тейлөө мезгилин эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланышкан башка чыгымдарды жана Келишимде көрсөтүлгөн кошумча кызматтарды камтууга тийиш.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

 

Катышууга кызыкдар экендигин ырастаган кат;
Документти иштеп чыгууга катыша турган негизги кызматкерлердин иш тажрыйбасы (резюме түрүндө).
Акыркы 5 жыл ичинде окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы (аткарылган келишимдердин көчүрмөлөрүн, аткарылган иштер боюнча актыларды тиркөө).
Адистештирилген программалык комплекстин болушу (Rocscience же ушуга окшош) жана геотехникалык моделдөө боюнча иш тажрыйбасы.
Техникалык тапшырманын талаптарын эске алуу менен иштерди аткаруу боюнча жоопту жана сунуштарды иштеп чыгып, тапшыруу.
Конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларация.
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;
Негизги ишмердүүлүк түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи болуп дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү;
Акыркы отчеттук күнгө карата мамлекеттик органдар алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктугу тууралуу маалымкат.
2024–2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·         Бухгалтердик баланс;

·         Киреше жана чыгымдар жөнүндө отчет;

·         Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·         Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет.

·         Же 2024–2025-жылдар үчүн Бирдиктүү салык декларациясы.

Баалоо критерийлери:

 

  • Тандоодон өткөн деп бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук топтомун сунуштаган сунуш таанылат.

·         Келишимдин аткарылышын кепилдөөчү камсыздоо (ГОИД) — конкурстук документацияда көрсөтүлгөндөй, милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн жеңүүчү тарабынан Декларация түрүндө таризделет.

Сунуштун темасы: «Технологичечкий регламент ПО» деп көрсөтүп сунушту төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү: geotech2026@kumtor.kg, 2026-жылдын 30-апрели, саат 14:00гө чейин.
Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу жана муну менен тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта болушу керек.
Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кеч тапшырылган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Ар бир тандоо катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү 90 календардык күндөн кем болбошу керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө конкурстук сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюуга чейин төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:

  1. Келишимдин аткарылышын кепилдөөчү камсыздоо — белгиленген формадагы декларация түрүндө (форма конкурстук документацияга тиркелет).
  2. Купуялуулук жөнүндө келишим — белгиленген формада (келишимдин формасы конкурстук документацияга тиркелет).
Аванстык төлөм болгон учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө аванстык төлөмдү төлөө боюнча банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.

Банктык кепилдик Буйрутмачынын банкы тарабынан авизо кылынууга тийиш.

Банктык кепилдиктин аныктыгын тастыктоого байланышкан чыгымдарды жеткирип берүүчү көтөрөт.

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: adilet.turganbaev@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда чейин жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР