КООМДУК ТАМАКТАНУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 21 January 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 04.02.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу Коомдук тамактануу коомдук кызматына эки жылдык такшалма программасын өтүү үчүн ЖОЖдын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Орто кесиптик же жогорку билим (ашпозчулук багыты артыкчылыкка ээ);
- Жакшы өнүккөн коммуникативдик көндүмдөр, командада иштей билуу;
- Үйрөнүүгө жана тамак даярдоонун жаңы технологияларын өздөштүрүүгө даярдык;
- Ашпозчулук багытындагы квалификацияны жогорулатуу сертификаттарынын болушу артыкчылык болуп эсептелет;
- Стресске туруктуулук, жогорку жүктөм алдында иштей билүү;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөө үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу
Милдеттер:
- Ар түрдүү тамактарды даярдоого керектүү жарым фабрикаттарды жасоо (жемиштерди жана жашылчаларды тазалоо жана тууралоо);
- Ашпозчуларга тамактарды даярдоодо жардам берүү;
- Ашкана жабдууларын жана идиш-аяктарды таза кармоо;
- Конвейердик идиш жуугуч машинаны башкаруу (фарфор жана айнек идиштерди жүктөө жана алуу);
- Башкы – ашпозчунун же тамак-аш камсыздоо координаторунун тапшырмаларын аткаруу;
- Жалпы тазалоо иштерин жүргүзүү.
Такшалманын шарттары:
- Эмгек акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 4-февралында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.