КЕНДИН ЭЛЕКТРОТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КЕНДИН ЭЛЕКТРОТЕХНИКАЛЫК КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 December 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.12.2025, 16:00го чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Кендин Электротехникалык кызматына эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку билим: Электр энергетика багытындагы техникалык адистик;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук;
  • Электротехника жана электр жабдууларынын иштөө принциптери боюнча негизги билим;
  • Электротехникалык схемаларды жана техникалык документтерди окуу жөндөмү;
  • Электр орнотууларын түзүү боюнча эрежелерди, керектөөчулөрдүн электр орнотууларынын техникалык эксплуатациялоо боюнча эрежелерин жана эмгекти коргоо боюнча нормативдик документтерди билүү;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
  • Жеке сапаттар: эмгекчилдик, аткаргычтык, командада иштөө жөндөмдүүлүгү.

Милдеттер:

  • Электр жабдууларын тейлөө, оңдоо жана жөнгө салууда жардам көрсөтүү;
  • Өндүрүштүк процесстерге катышуу: жабдуулардын иштешин көзөмөлдөө, устаттын тапшырмаларын аткаруу;
  • Техникалык документтерди жана эсепке алуу журналдарын жүргүзүү;
  • Материалдарга жана жабдууларга өтүнмөлөрдү даярдоо;
  • Техникалык тейлөө мөөнөттөрун жаңылоо, маалымат базалары менен иштөө, отчетторду толтуруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • 2025-жылдын 31-декабрьда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.