КАЗЫНАЛЫК ЖАНА САЛЫК САЛУУНУ ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  18 July 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.07.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Казыналык жана салык салууну финансыны башкаруу бөлүмү эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
-  Бухгалтердик эсеп; финансылык; экономикалык багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздар кабыл алынат);
 
-  MS Office программасын жогорку деңгээлде билүү;
 
-  Аналитикалык жөндөмдөр, чоң маалымат массивдери менен иштөө көндүмдөрү;
 
-  Коммуникабелдүү болуу; 
 
-  Командада иштей билүү;
 
-  САР сертификаттардын болушу, advanced Excel, англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
 
Милдеттер:
- Баштапкы документтер менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, реестрлерди системалаштыруу жана түзүү;
 
- Текшерүүчү органдардын суроо-талаптары менен иштөөгө көмөк көрсөтүү, берилген документтер боюнча отчет берүү;
 
- Таблицаларды толтуруу жана финансылык маалыматтарды талдоо, аткарылган сурамдардын, каттардын абалын көзөмөлдөө, кагаз жана электрондук түрдө берилген маалыматтарды макулдашуу;
 
- Салык жана статистикалык отчетторду даярдоодо көмөк көрсөтүү;
 
- Казына жана салык бөлүмүнүн ишине тиешелүү башка милдеттер.
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
 
- Жумуш графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:
- 2024-жыл 31-июль саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.