КАРЬЕРДИ КУРГАТУУ ЖАНА СУУ АГЫЗУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 23 January 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 08.02.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Карьерди кургатуу жана суу агызуу кызматына эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Тоо-кен тармагында жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом;
- Microsoft Office программаларын жакшы билүү;
- Натыйжалуу баарлашуу жөндөмү;
- Кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүүгө умтулуу;
- Жеке сапаттар: эмгекчилдик, жоопкерчилик, командада иштей билүү;
- Оор физикалык жумуштарды аткаруу үчүн, жакшы физикалык даярдык;
- Тоо шарттарында иштөөгө жарамдуулук;
- Такшалмадан өткөндүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчетторду жана баяндамаларды даярдай билүү
Милдеттери:
- Ачык тоо-кен казуу иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле сууну чыгаруу жана кургатуу процесстерин аткарууда коопсуз иштөө ыкмаларын изилдөө жана өздөштүрүү;
- Отчеттук документтерди жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүү;
- Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
- Тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн ишин, анын ичинде диспетчердик кызматтын жана MineSense системасынын иши менен таанышуу;
- Түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
- Такшалма учурунда Компаниянын Эрежелеринде көрсөтүлгөн коопсуздук техникасынын жана эмгек тартибинин эрежерлин сактоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
- Такшалма графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 8-февраль күнү, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.