КАРЬЕРДИ КУРГАТУУ ЖАНА СУУ АГЫЗУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 02 October 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 16.10.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында карьерди кургатуу жана суу агызуу кызматына эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билим тууралуу диплом;
- Microsoft Office программаларын жакшы билүү;
- Натыйжалуу баарлашуу жөндөмү;
- Кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүүгө умтулуу;
- Позитивдүү эмоционалдык маанай;
- Жеке сапаттар: эмгекчилдик, жоопкерчилик, командада иштей билүү;
- Тоо шарттарында иштөөгө жарамдуулук;
- Көндүмдөрдү үйрөнгөн сайын презентация түрүндө отчет бере билүү.
Милдеттери:
- Ачык ыкма менен кен иштетүүдө жана суу агызуу, кургатуу процесстеринде коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
- Отчеттук системаларды жана иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрүн өздөштүрүү;
- Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
- Өндүрүштүк бөлүмдүн, диспетчердик кызматтын жана MineSense системасынын иши менен таанышуу;
- Түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
- Такшалма учурунда Компаниянын Эрежелеринде (Саясаттарында) көрсөтүлгөн коопсуздук техникасынын жана эмгек тартибинин эрежерлин сактоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
- Такшалма графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 16-октябрь, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.