КАМСЫЗДОО БОЮНЧА АДИС (МАТЕРИАЛДЫК–ТЕХНИКАЛЫК БӨЛҮМ) (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)
Жарыяланган: 18 June 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 24.06.2025, 16:00го чейин.
КЫЗМАТЫ: Камсыздоо боюнча адис
БӨЛҮМ: Материалдык – техникалык бөлүм
ИШ ОРДУ: Бишкек ш. кеңсе
СТАТУС: Штаттык кызматкер
ӨТҮНМӨ НОМЕРИ: KOC– 25–017
ИШ ГРАФИГИ: 5/2 (8 саат)
Кызматтык милдеттери:
- Кампада материалдык-техникалык баалуулуктардын (МТБ) болушун камсыздоо жана алардын бар экендигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
- Өндүрүш мөөнөтү жана/же айрым товарларды жеткирүү олуттуу жогорулаган учурларда тартыштыктын пайда болуу тобокелдиктери жөнүндө жетекчиликти жана акыркы колдонуучуларды кабарлоо;
- Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн сатылып алынган товарлардын рыногуна жана бааларына талдоо жүргүзүү, жетекчиге эң ыңгайлуу альтернативдүү сунуштарды берүү. Сатып алуу баасын негиздөө;
- Материалдык-техникалык ресурстарды сатып алууга жана жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарды азайтуу аркылуу экономикалык натыйжалуулукту жогорулатуу пландарын ишке ашырууга катышуу;
- Жабдуучуларды издөө, алардан жаңы сунуштарды изилдөө, чыгымдарды оптималдаштырууга жана/же өндүрүмдүүлүктүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн негиздүү сунуштарды жетекчиликке даярдоо;
- Алынган маалыматты, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын жалпылоо, аларды статистикалык жактан иштеп чыгуу жана аналитикалык корутундуларды түзүү;
- Келип түшкөн арыздарды талдоо жана иштеп чыгуу. Белгиленген тартипке жана жобого ылайык тариздөө, жайгаштыруу;
- Жабдуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана коркунучтуу жүктөрдү ташуу режимдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жеткирүү шарттарын макулдашуу;
- Жабдуучуларга буйрутмаларды түзүү жана алардын аткарылышын буйрутмалардын шарттарына ылайык көзөмөлдөө.
- Сатып алуу комиссиялары менен өз ара аракеттенүү, катышуу;
- Негиздеме формасын толтуруу аркылуу сатып алуу жол-жобосунун натыйжаларын баалоо жана жыйынтык чыгаруу;
- Келишимдерди жана контракттарды документтештирүүнү камсыздоо. Контракттарды түзүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерүү;
- Контракттарды жана башка документтерди даярдоо, макулдашуу, ошондой эле бул документтерди тийиштүү түрдө архивдөө;
- Жабдуучулар, подрядчылар, аткаруучулар менен контрактка кол коюу жол-жобосун ишке ашыруу;
- Продукцияда кемчилик же техникалык мүнөздөмөлөрдүн дал келбестиги аныкталган учурда материалдык баалуулуктар маселесин чечүү боюнча чараларды көрүү. Зарыл болгон учурда, тиешелүү актыларга ылайык акча каражаттарын төлөөнү/кайтарууну уюштуруу;
- Аткарылган жана келечектеги буйрутмалар боюнча пикир алуу үчүн акыркы колдонуучулар менен туруктуу байланышта болуу жана стандарттуу эмес жагдайлар келип чыкканда, оптималдуу чечим кабыл алуу үчүн чараларды көрүү;
- Бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга (импорт/экспорт) документтерди тариздөө иштерин, ошондой эле бажылык тариздөө үчүн зарыл болгон башка аракеттерди аткаруу;
- Жүк ташуу жана башка коммерциялык документтерде көрсөтүлгөн ташылып жаткан товарлардын маалыматтарынын аныктыгын текшерүү;
- КР тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына ылайык товардын кодун аныктоо;
- Товардык-коштоочу документтердеги маалыматтарга негизделген тиешелүү бажы режиминде товарларды декларациялоо;
- Иш кагаздарын жүргүзүү, белгиленген отчетторду жана жүктөрдү экспедициялоо;
- Жүк бажы декларацияларынын эсебин жүргүзүү;
Минималдуу талаптар:
- Экономика же юриспруденция жаатында жогорку билим;
- Ушул сыяктуу кызматта 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Бухгалтердик эсептин негиздерин сатып алууларга карата колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажылык тариздөө жол-жоболорун билүү;
- Контракт бааларын аныктоо жана негиздөө методдору;
- Сатып алуу документтерин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү;
- Ишкердик баарлашуу этикасы жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эрежелери;
- Жогорку аналитикалык жөндөмдөр;
- Көп тапшырма режиминде чоң көлөмдөгү маалыматты иштеп чыгуу жөндөмү;
- Стресске туруктуулук;
- Тил билүү:
- Орусча — эркин;
- Кыргызча — каалоосуна жараша;
- Англисче — ортодон жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы деңгээл (Advanced).
Кызыкдар талапкерлер анкета/резюмени ӨТҮНМӨНҮН НОМЕРИН КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН Персоналды башкаруу бөлүмүнө (КОК) 2025-жылдын 24-июнунан кечиктирбестен тапшырышы керек.
Анкетаны жана резюмени hr.koc@kumtor.kg электрондук почтасына 2025-жылдын 24-июну саат 16:00гө чейин жөнөтсөңүз болот.
Анкетаны бул жерден алсаңыз болот: https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫК ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.