КАЛДЫКТАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУК ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (КУМТӨР КЕНИ)

КАЛДЫКТАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУК ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 25 December 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.01.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоордук тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку техникалык билим;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелинет;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
  • Демилгелүүлүк, тырышчактык, тактык, тартиптүүлүк, командада иштей билүү;
  • Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.

Милдеттер:

  • Эски калдыктарды кайра иштетүү комплексинин дайындалган тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүү жана такшалмага байланыштуу жумуштарды аткаруу үчүн өндүрүштүк иш-аракеттерди башкарууга көмөктөшүү;
  • Эски калдыктарды кайра иштетүү долбоорунун жетекчилиги, адистери, ошондой эле эски калдыктарды кайра иштетүү комплексинин куруусуна катышкан жалданма уюмдарынын адистери менен, башка бөлүмдөрдүн жетекчилери менен бирге кызматташуу;
  • Иш-аракеттердин жүрүшүндө аныкталган ар кандай кемчиликтер, бузулуулар, кырсыктар ж.б. тууралуу эски калдыктарды кайра иштетүү боюнча долбоордук тобунун жетекчилигине жана адистерине өз убагында маалымат берүү;
  • Керекүү/милдеттүү отчетторду өз убагында жана туура тапшырууну камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • Жумушчу/техникалык жана анын ишмердүүлүк тармагына тиешелүү иш кагаздарын сактоого көмөктөшүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • 2026-жылдын 12-январында саат 16:00дөн кечиктирбестен анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.