ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  23 July 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 06.08.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Иш кагаздарын жүгүртүү кызмат бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу багытында жогорку билими;
 
- Иш стажы артыкчылык болот;
 
- Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана пунктуалдуу;
 
- Документтер менен иштөө көндөмдөрү;
 
- Иш кагаздарын жүгүртүү жана архив ишинин негиздерин билүү;
 
- Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү;
 
- Кыргыз жана орус тилдерин билүү, англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
 
Милдеттери:
- Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
 
- Коопсуздук техникасын сактоо;
 
- Купуя маалыматты жайылтпоо;
 
- Компаниянын иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүү
 
- Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн адистеринин жетекчилиги астында көктөмөлөрдү түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
 
- Документтерди архивдөөгө жана компаниянын архивине тапшырууга даярдоого көмөк көрсөтүү;
 
- Кат-кабарларды курьердик кызматтар аркылуу тариздөө;
 
- Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш-чараларына катышуу;
 
- КГКнын белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоо;
 
- Жетекчинин башка тапшырмаларын аткарууга
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
 
- Жумуш графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2024-жылдын 6-августта саат 16.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.