Жарыяланган: 02 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 08-апрели, саат 14:00.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу берүүчүлөрдү төмөнкү Химиялык продуктыларды жеткирүүгө котировкаларды суроо ыкмасын колдонуу менен конкурска катышууга чакырат:
| №п/п | Аты | өлчөө бирдиги | Жалпы сан |
| 1 | Ацетон (осч 9–5) мар. ОП-2 (1 литрдик бөтөлкө) | бөтөлкө | 5 |
| 2 | КИСЛОТА СЕРНАЯ, ТЕХНИЧЕСКАЯ, ГОСТ 2184–2013 (18-20кг канистраларда) | кг | 144 |
| 3 | Ортофосфорная кислота 85% (35кг канистраларда) | кг | 2100 |
| 4 | НИТРАТ СЕРЕБРА, АЗОТНОКИСЛОЕ (AGNO3, ТВЁРДЫЙ, АНАЛИТИЧЕСКАЯ СТЕПЕНЬ ЧИСТОТЫ 99,8% (50 грамдык бөтөлкөлөрдө) | бөтөлкө | 45 |
| 5 | БЕЗВОДНАЯ БУРА (25 КГ мешоктор) | кг | 1750 |
| 6 | ТИОМОЧЕВИНА, CH4N2S, 99% (25 КГ мешоктор) | кг | 3500 |
Бөлүнүүчү лоттор.
Коммерциялык сунушту (КС) даярдоодо милдеттүү түрдө төмөнкү шарттарды көрсөтүү керек:
Коммерциялык сунуш №3 тиркемедеги форманы колдонуу менен толтурулат.
Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун негизги талаптары:
Баалоо критерийлери:
Эгерде Жеткирүүчү КСти биринчи жолу берип, буга чейин аккредитациядан өткөн эмес болсо, анда катышуучу төмөндө берилген шилтемедеги
“Сатып алуу жол-жоболоруна Катышуучулар тарабынан берилүүчү документтер тизмеси” бөлүмүндө көрсөтүлгөн белгилүү бир документтер топтомун тапшырууга тийиш.
Как стать поставщиком | Кумтор Голд Компани
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «8» апрель, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Chynara.dzhaksygulova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.