ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  04 November 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 19.11.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Геологиялык чалгындоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Тоо-кен инженер-геологу» адистиги боюнча жогорку билим (2024-жылдан 2019-жылдарга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
 
- Өз адистиги боюнча практика өтүү же иш тажрыйбасы артыкчылык болот;
 
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
 
- Натыйжалуулук жана тартип;
 
- Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, MS Office программасын билүү,
 
- Тактык, командада иштей билүү;
 
- Орус тилин жакшы билүү, англис тилин билүү;
 
- 3D моделдөө программалары, ГИС жана реляциялык маалымат базалары менен иштөөгө кызыгуу жана жөндөмдүүлүк.
 
Милдеттери:
- Түздөн-түз жетекчинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
 
- Коопсуздук эрежелерин жана компаниянын саясатын сактоо;
 
- Геологиялык материалдарды санариптештирүү жана маалыматтарды иштетүү (векторизация);
 
- Геологиялык маалыматтар базасын текшерүү жана аныктыгын тастыктоо;
 
- Атайын программаларда геологиялык маалыматты алгачкы иштетүү: DatamineEM/ RM Leapfrog, Gemcom, QGIS;
 
- Геологиялык отчеттордун графикалык жана тексттик тиркемелерин даярдоого көмөк көрсөтүү;
 
- Кернди жана тоо-кен иштерин документке түшүрүү.
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Бишкек шаары
 
- Такшалма графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2024-жылдын 19-ноябры, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.