ФИНАНСЫЛЫК БАШКАРМАЛЫГЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  08 August 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.08.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Финансылык башкармалыгына эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. 
Талаптар:
- Жогорку финансылык жана экономикалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
 
- MS Office программасынын ишенимдүү колдонуучусу, Excel программасын мыкты билүү;
 
- Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
 
- Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
 
- Мыкты аналитикалык көндүмдөр, чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
 
- Тил табыша билүү, командада иштей билүү, аткаруучулук;
 
- Финансы бөлүмүндө жаңы билим жана тажрыйба алууга умтулуу;
 
- Оргтехника (принтер, сканер, көчүрүүчү машина) менен иштөө тажрыйбасы;
 
Милдеттер:
- Финансы бөлүмүнүн иши менен таанышуу;
 
- Отчетторду даярдоого көмөк көрсөтүү;
 
- Документтер менен иштөө жана иш кагаздарын жүргүзүү;
 
- Техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү;
 
- Бөлүмдүн кызматкерлерине күнүмдүк тапшырмаларды аткарууга жардам берүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
 
- Такшалманын графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 22-августунда 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз. 
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.