ЭЛДИК КУМТӨРГӨ 3 ЖЫЛ

ЭЛДИК КУМТӨРГӨ 3 ЖЫЛ

Жарыяланган: 22 August 2025

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен мамлекеттик менчикке өткөнүнө ушул айдын 23дө толук 3 жыл болот. Бул компания үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн дагы маанилүү окуя.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн саясаттагы жолунда дал ушул жалпы улуттук байлыгыбыз болгон Кумтөрдү элдин энчисине кайтарууга абдан көп аракеттерди жасаган. Акыры анын тайманбастыгы, бекем саясий эрки менен элибиздин улуу мүдөөсү ишке ашырылды.

2021-жылдын 17-майында Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилип, 2022-жылдын 4-апрелиндеги Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлуп, маселе тынчтык жолу менен өлкөбүздүн пайдасына чечилген. Ал эми 2022-жылдын 23-августунда тарыхий окуя орун алып, Кумтөр 100 пайыз Кыргыз Республикасынын менчиги деп жарыяланды.

“Мындай ири өндүрүштү Кыргызстан өз алдынча иштете алабы?” деген ар кандай күмөн саноолорго чекит коюлуп, бүгүн Кумтөр мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, эң мыкты натыйжаларга жетишүүдө. Техникалык парк олуттуу жаңыланып, бардык тараптан модернизация, оптимизация иштери жүргүзүлдү.

3 жыл ичинде, тагыраагы 2022-жылдан 2024-жылды кошо алганда, компания 43 тоннадан ашык алтын өндүргөн. Бул убакыттын ичинде компаниянын таза кирешеси 1 млрд доллардан ашып, республикалык бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө бир топ каражаттарды төлөдү. Ошону менен бирге 3 жылда дивиденд түрүндө өлкө казынасына 441 миллиондон ашык доллар которулган.