ЭКИ ПАКЕТТҮҮ ЧЕКТӨӨСҮЗ КАТЫШУУЧУЛАР АРАСЫНДА КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ: КОНЦЕНТРАТТАЛБАГАН ТЕХНИКАЛЫК АЗОТ КИСЛОТАСЫН ЖЕТКИРҮҮ, ГОСТ Р 53789-2010
Жарыяланган: 12 November 2025
ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 21-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») концентратталбаган техникалык азот кислотасын жеткирүү боюнча конкурска катышууга чакырат.
Квалификациялык документтерди тапшыруу боюнча негизги талаптар::
- Документтер PDF форматында берилиши керек .
- Документтер nitric2025@kumtor.kg электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек
- Бир каттын көлөмү 25MBдан ашпоого тийиш.
Тапшырууга зарыл болгон документтер: :
Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн:
- Толтурулган суроо барагынын көчүрмөсү (ушул Тизмеге тиркелген №1 форма боюнча);
- Жеткирүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү формасы (ушул Тизмеге тиркелген №2 форма боюнча);
- Уставдын бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен көчүрмөсү (бар болсо), жетекчи же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлуп тастыкталган, ошондой эле катышуучулардын жалпы жыйынынын чечиминин же жалгыз катышуучунун чечиминин көчүрмөсү;
- Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктүн/маалымкаттын катышуучу тарабынан тастыкталган көчүрмөсү;
- Жеке ишкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү / тиешелүү иш түрүнө патенттин көчүрмөсү (өз ыктыярдуу же милдеттүү), ошондой эле паспорттун/идентификациялык картанын көчүрмөсү;
- Юридикалык жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын бюджетине салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымат;
- Бухгалтердик баланс жана тиркемелердин сканерленген көчүрмөсү, уюмдун мөөрү жана колу менен тастыкталган, же акыркы 2 календардык жыл үчүн БСД;
- Салык каттоосуна коюлгандыгы тууралуу күбөлүк;
- Ишмердүүлүк боюнча уруксат кагаздары (лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар);
- Жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү (башкаруучуну дайындоо тууралуу буйрук, катышуучулардын жыйынынын протоколунан үзүндү, жалгыз катышуучунун чечими). Эгер катышуучунун атынан башка адам иш алып барса – тиешелүү түрдө тастыкталган ишеним каттын көчүрмөсү;
- Акыркы 2 жылдагы окшош жабдууларды жана комплекттерди жеткирүү тажрыйбасы – референс тизмеси;
- Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат;
- Конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация.
Резидент эместер үчүн (башка өлкөлөрдүн катышуучулары):
- Толтурулган суроо барагынын көчүрмөсү (ушул Тизмеге тиркелген №1 форма боюнча);
- Жеткирүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү формасы (ушул Тизмеге тиркелген №2 форма боюнча);
- Катышуучу тарабынан тастыкталган каттоо жана негиздөөчү документтердин көчүрмөсү;
- Ишмердүүлүк боюнча уруксат кагаздары (лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар);
- Жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү (башкаруучуну дайындоо тууралуу буйрук, катышуучулардын жыйынынын протоколунан үзүндү, жалгыз катышуучунун чечими). Эгер катышуучунун атынан башка адам иш алып барса – тиешелүү түрдө тастыкталган ишеним каттын көчүрмөсү;
- Бухгалтердик баланс жана тиркемелердин сканерленген көчүрмөсү, уюмдун мөөрү жана колу менен тастыкталган, же акыркы 2 календардык жыл үчүн БСД;
- Акыркы 2 жылдагы окшош жабдууларды жеткирүү тажрыйбасы – референс тизмеси;
- Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат.
Квалификациялык документтерди берүү боюнча негихги талаптар:
1. Конкурс катышуучулары өтүнмөнү орус тилинде даярдап, көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүшү керек.
2. Бардык документтер ушул тконкурстун алкагында конфиденциалдуу деп эсептелет.
3. Өз сунушун жөнөтүү менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макулдугун билдирет. .
Маанилүү!
- Товар үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлгөн учурда Жеткирүүчү Келишимдин жалпы суммасынын 5% өлчөмүндө банктык кепилдик же аткарууну камсыз кылуу кепилдигин берет.
- Төлөм жеткирилгенден кийин жүргүзүлгөн учурда Жеткирүүчү конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларацияны берет (Чакыруу катына тиркеме №1).
Участники представляют документы в двух отдельных пакетах при этом оба пакета подаются одновременно на вышеуказанную почту:
- № 1 Пакет – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөз жок);
- № 2 Пакет – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сыр сөз аркылуу болушу керек, алгачкы этапта ачылбайт, сыр сөз буйрутмачынын электрондук почта аркылуу суроо-талабын жибергенден кийин жөнөтүлөт).
4. КГК оставляет за собой право запросить дополнительные подтверждающие документы или провести проверку предоставленной информации. При выявлении недостоверных сведений — заявка будет отклонена.
5. Ушул Чакыруу боюнча суроолор болгон учурда катышуучу түшүндүрмө алуу үчүн төмөнкү электрондук дарекке кайрыла алат: Jyldyz.jenalieva@kumtor.kg, бирок квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 жумуш күндөн кеч эмес. Түшүндүрмөлөр суроо жөнөтүлгөн электрондук дарекке, суроо алынган учурдан тартып 3 (үч) календардык күндөн кеч эмес жөнөтүлөт.
6. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 20 календардык күн болушу керек.
7. Документтерди тапшыруу мөөнөтү өткөндөн кийин катышуучулар өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизе албайт.
8. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
КГК талаптарга жооп бербеген өтүнмөлөрдү четке кагууга укуктуу. Документтерди тапшыруу кийинки этапка өтүүнү кепилдебейт.
Буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн узартууга укуктуу. Эгерде ушул Чакыруу катына өзгөртүүлөр киргизилсе, бул тууралуу буйрутмачы тиешелүү маалыматты, ушул конкурс тууралуу жарыя жайгаштырылган өзүнүн расмий сайтында – https://www.kumtor.kg/ru/ жарыялоо жолу менен маалымдайт.
Тиркемелер:
Форма №1
Форма №2
Приложение №1
Приложение №2
Приложение №3
Техническое задание
Инструкция
Договор поставки