ДѲҢГѲЛѲКТѲРДҮ САТЫП АЛУУ (КОТИРОВКА СУРОО)

ДѲҢГѲЛѲКТѲРДҮ САТЫП АЛУУ (КОТИРОВКА СУРОО)

Жарыяланган: 11 March 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 12:00 (Бишкек убактысы боюнча) 2026-жылдын 15-марты.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын филиалы «Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод» (мындан ары – ДКЗ) Сиздерди жайкы дөңгөлөктөрдү жеткирүү боюнча сынакка катышууга чакырат.

Сүрөттөмө Ѳлчөө бирдиги Саны
1  Жайкы дөңгөлөктөр өлчөмү 205/70/15 Шт 4

Тапшыруу формасы: Коммерциялык сунушка (мындан ары – “КC”) жана башка документтерге арызга жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилиши керек.

Сунуштарды берүүнүн тартиби: Тандоодо катышуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

  1. Квалификация жана аккредитация ѳтүү. Документтерге шилтеме: Как стать поставщиком | Кумтор Голд Компани
  2. Коммерциялык сунушту кыргыз же орус тилдеринде берип, аны электрондук түрдө Asem.Bayakunova@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 15-мартында (Бишкек убактысы боюнча) саат 12:00гө чейин жөнөтүңүз.

Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  • Жеткирүү убактысы;
  • Жеткирүү шарттары;
  • Төлөө шарттары;
  • КПнын жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күндүн максималдуу мөөнөтүн көрсөтүңүз);
  • Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек.

Баалоо критерийлери: Эң төмөн баасын жана оптималдуу жеткирүү убактысын көрсөткөн сунуш жеңүүчү деп таанылат.

Кардар кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпастан, келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.

Өз сунушун берүү менен катышуучу муну менен Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоодо ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул тандоо боюнча бардык суроолор Asem.Bayakunova@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.

Тандоо шарттарын тактоо жөнүндө суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек.