ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ (ӨРТ КООПСУЗДУГУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 25 November 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.12.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын студенттерин ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнө (өрт коопсуздугу) эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Инженердик-техникалык жогорку билим (2019–2025-жылдар аралыгында жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдөн арыздар кабыл алынат).”
- Компьютерди ишенимдүү колдонуучу, программаларды билүү (MS Office, AutoCAD, Corel, Visio);
- Инициативдүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалоо;
- Аткаруучулук, тартиптүүлүк жана стресс туруктуулук;
- Тактык, командада иштей билүү;
- Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан тоо-кен ишканасында иштөөгө жарактуу болуу.
Милдеттер:
Өрт коопсуздугу боюнча стажер төмөнкү иш чараларга катышат:
- Өрт сигнализация жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо, оңдоо, тейлөө;
- Биринчи өрт өчүрүү каражаттарын кайра кубаттоо жана тейлөө;
- Өрт түтүктөрүн кайра ороп коюу;
- Өрт крандарын жана тышкы гидранттарды текшерүү;
- Кен объектилеринде өрт коопсуздугу боюнча инспекцияларды өткөрүү;
- «КГК» ЖАК объектилеринин эвакуациялоо пландарын иштеп чыгууга катышуу жана көмөктөшүү;
- Авариялык-куткаруу кызматтарынын машыгууларына жана окууларына катышуу;
- Чукул кырдаалдар аймагына кирбей, авариялык-куткаруу (жардамчы) иштерин аткаруу;
- Документтер менен иштөө (журналдарды, инспекция бланктарын жана башка документтерди толтуруу).
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 9-декабрында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.