ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ (ӨРТ КООПСУЗДУГУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ДЕН СООЛУКТУ, ЭМГЕКТИ ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУН КОРГОО БӨЛҮМҮНӨ (ӨРТ КООПСУЗДУГУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 30 April 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 14.05.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын студенттерин ден соолукту, эмгекти жана өнөр жай коопсуздугун коргоо бөлүмүнө (өрт коопсуздугу) эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку инженердик-техникалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки бүтүрүүчүлөрдүн арыздары кабыл алынат);
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуучу, программаларды билүү (MS Office, AutoCAD, Corel, Visio);
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Инициативдүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалоо;
  • Аткаруучулук, тартиптүүлүк жана стресс туруктуулук;
  • Тактык, командада иштей билүү;
  • Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан тоо-кен ишканасында иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

Пожардык коопсуздук боюнча стажер катышат:

  • Пожардык сигнализация жана өрт өчүрүү системаларын монтаждоо, оңдоо, тейлөө;
  • Биринчи өрт өчүрүү каражаттарын кайра заряддоо жана тейлөө;
  • Өрт шлангаларын кайра ороп коюу;
  • Өрт крандарын жана тышкы гидранттарды текшерүү;
  • Рудник объектилерин өрт инспекциясынан өткөрүү;
  • ЖАК КГК объектилеринин эвакуациялоо пландарын иштеп чыгуу;
  • Авариялык-куткаруу кызматтарынын машыгууларына жана тренингдерине катышуу;
  • Чукул кырдаалдар зонасына кирбей авариялык-куткаруу (жардамчы) иштерин аткаруу;
  • Документтер менен иштөө (журналдарды, инспекция бланктарын жана башка документтерди толтуруу).

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 14-майында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.