Жарыяланган: 12 March 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 15:00 (Бишкек убактысы боюнча) 2026-жылдын 19-марты.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын филиалы болгон «Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод» (мындан ары ДКЗ) сизди спецификацияга ылайык Цехтер үчүн керектелүүчү материалдарды жана шаймандарды сатып алуу боюнча сынакка катышууга чакырат.
Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Тапшыруу тартиби: Тандоодон өтүүчү катышуучулар сынактын талаптарына ылайык арыз берип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды 2026-жылдын 19-мартында саат 15:00дөн кечиктирбестен talantbek.murzakhmedov@kumtor.kg электрондук дарегине “жабдуулар жана шаймандар үчүн сунуш” темасын көрсөтүп, электрондук түрдө жөнөтүшү керек.
Сатып алынуучу товарлардын тизмеси документтерге тиркелген.
ЛОТТОР БѲЛҮНБѲЙТ.
Катышуу үчүн арызда төмөнкү документтер камтылышы керек:
Баалоо критерийлери: Эң аз чыгым жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш жеңүүчү деп эсептелет.
Эгерде Жеткирүүчү коммерциялык сунушту биринчи жолу берип жатса жана мурда аккредитациядан өтпөгөн болсо, катышуучу төмөндөгү шилтемеде көрсөтүлгөн документтердин белгилүү бир пакетин “Сатып алуу жол-жоболорунда катышуучулар тарабынан берилген документтердин тизмеси” бөлүмүндө бериши керек. Как стать поставщиком | Кумтор Голд Компани
Кардар тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен, Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн баардык шарттарга макулдугун билдирет.
Тандоодо ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.
Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул электрондук почта дарегине конкурстук сунуштарды/арыздарды жөнөтпөңүз.
Тандоо шарттарын түшүндүрүү өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.