БУРГУЛОО ЖАНА ЖАРДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  05 November 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 12.11.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Бургулоо жана жардыруу бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Тоо-кен тармагы боюнча ЖОЖду аяктагандыгы жөнүндө диплом;
 
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген «Жардыргычтын бирдиктүү китеби»;
 
- «Жардыруу иштериндеги коопсуздук эрежелерин» билүү;
 
- Эффективдүү коммуникация көндүмдөрү;
 
- Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
 
- Жеке сапаттары: эмгекчилдик, тырышчаактык, командада иштей билүү;
 
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуу болуу;
 
- Отчетторду презентация түрүндө даярдоо көндүмдөрү;
 
- Ишенимдүү компьютер колдонуучусу, MS Office программаларын билүү;
 
- Жардыруучу катары тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет.
 
Милдеттери:
- Карьердеги жардыруу иштерине катышуу;
 
- Ар кандай типтеги заряддоочу машиналар менен скважиналарды дүрмөттөө;
 
- Тыюу салынган аймактарды көрсөткөн тосмолорду, конустарды жана эскертүүчү белгилерди орнотуу;
 
- Жардырууга дүрмөттөрдү даярдоо;
 
- Скважиналарды айдалуучу материал менен айдоого көмөктөшүү;
 
- Тажрыйбалуу жардыргычтарга жардам берүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
 
- Такшалманын графиги – 14/14
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 12-ноябрьда 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.