БИЗНЕС-АНАЛИЗ БОЮНЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ
Жарыяланган: 04 July 2025
ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 14-июлу, саат 12:00 чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча кызмат көрсөтүү келишиминин негизинде бизнес-анализ боюнча кызмат көрсөтүүгө сынак жарыялайт.
Сунуштарды жөнөтүү дареги: businessanalysis@kumtor.kg
Позициянын аталышы: бизнес-анализ боюнча кызмат көрсөтүү
Милдеттүү талап
Талапкер жарыяга тиркелген тиркемелерди толтурууга тийиш.
МИЛДЕТТЕРИ
Кесипкөй бизнес-анализ кызматтарын көрсөтүү, анын ичинде, бирок чектелбестен:
- Бизнес-процесстердин учурдагы абалын талдоо (as-is) жана көздөгөн абалды (as-is) долбоорлоо;
- Талаптарды башкаруу, анын ичинде жыйноо, документациялоо жана текшерүү (user stories, use cases, техникалык тапшырма);
- Альтернативалык МT-чечимдерди талдоо жана баалоо (анын ичинде CASE аспаптарын тандоо); Корпоративдик ERP-системасын модернизациялоого катышуу.
- Долбоордун предметтик чөйрөсү жана стратегиялык максаттары менен таанышуу, кызыкдар тараптарды аныктоо, максаттар, масштабы жана бизнес-анализге ыкмаларды аныктоо.
- Функционалдык жана функционалдык эмес талаптарды жыйноо, интервьюларды воркшопторду өткөрүү, документтерди талдоо, талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү (change management), талаптарды user stories, use cases же/жана техникалык тапшырма форматында бекитүү.
- Талаптарды документтештирүү, иштеп чыгуу процессин формалдаштыруу.
- Иштеп чыгуу процессин колдоо, анын ичинде функционалдык тестирлөө жана кабыл алуу.
- Ишке ашыруунун бекитилген талаптарга шайкештигин көзөмөлдөө, долбоорлорду ишке ашыруу учурунда өзгөрүүлөрдү башкарууга катышуу.
- Ишке ашырылган долбоорлор боюнча Буйрутмачы үчүн нускмаларды жана башка документтерди иштеп чыгуу, Буйрутмачыга консультациялык колдоо көрсөтүү.
- Бардык кызмат көрсөтүүлөр бизнести талдоонун жана өнүгүүнү башкаруунун заманбап практикасын эске алуу менен, сапаттуу жана өз убагында көрсөтүлүүгө тийиш.
Иш аткаруучуга коюлган квалификациялык талаптар
- Маалымат системалары тармагында 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (артыкчылыгы: тоо-кен компанияларында);
- Талаптарды талдоо жана башкаруу, МТ долбоорлорду башкаруу боюнча кеминде 2 жыл;
- Эң кеминде 2 бизнес чөйрөсү / мүмкүнчүлүктөрү (финансылык / МT / логистика, артыкчылыгы – тоо-кен казуу, металлургия).
- Маалымат технологиялары, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жетилген моделдери жана долбоорлорду башкаруу методологияларын (ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK) билүү;
- Стандарттарды, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо ыкмаларын билүү, бизнес-процесстерди моделдөө (БАБОК), пландаштырылган көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө жана аларга жетишүү;
- CASE аспаптарын жана бизнес-процесстерди моделдөө (DFD, IDEF, UML) колдонуу боюнча кеминде 2 жылдык тажрыйбасы;
- Аудитти уюштуруу, талаптарды башкаруу, МТ долбоорлорду башкаруу боюнча көндүмдөр;
- Берилиштер базасын башкаруу системаларын жана реляциялык мамилелерди түзүүнүн жалпы принциптерин түшүнүү;
- Жогорку коммуникациялык жөндөмдөр.
Шарттары:
- Жумуш орду: Бишкек, Ибраимов көчөсү 24.
- Иш графиги: толук күндүк, беш күндүк иш жумасы (5/2), эмгек акысы: аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
- Төлөм иш аткаруучудан электрондук эсеп-фактураны алгандан кийин 10 банктык күндүн ичинде ишке ашырылат.
Аткаруу документтерин берүү талабы
- Паспорт;
- Соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- Жеке ишкердин патентинин же күбөлүгүнүн болушу керек;
- Банк реквизиттери;
- Резюме;
- Маалымат технологиялары / долбоорлорду башкаруу, МВА / Колдонмо математика жана информатика адистиги боюнча жогорку техникалык билим.
Документтерди көчүрүп алыңыз:
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
ОБЩИЕ УСЛОВИЯ ДОГОВОРА
Приложение №1
Приложение №2
Приложение №3
Приложение №4