БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН ЖМК МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 19 March 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 02.04.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Жалпы маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
- Жогорку же орто кесиптик билим (айрыкча журналистика, коммуникациялар, медиа же ага жакын багыттар боюнча алгылыктуу);
- Мамлекеттик жана расмий тилдерде эркин сүйлөө, англис тилин билүү – артыкчылык болуп эсептелет;
- Видео жана фото жабдуулар менен иштөө боюнча негизги көндүмдөр;
- Санариптик платформалар жана социалдык тармактар менен иштөө көндүмдөрү;
- Коммуникабелдүүлүк, жоопкерчилик жана команда менен иштөөгө даярдык;
- Медиа долбоорлорго катышууга жана динамикалуу чөйрөдө иштөөгө болгон каалоо.
Милдеттери:
- КГКнын пресс-кызматына видеоконтентти уюштурууда жана даярдоодо көмөк көрсөтүү;
- видеотартуу үчүн материалдарды иштеп чыгууда жана даярдоодо көмөк көрсөтүү;
- пресс-кызматынын тартуу жана башка өндүрүш процессстерине катышуу;
- кеңири аудитория үчүн маалыматты жөнөкөйлөтүлгөн түрдө берүүдө көмөк көрсөтүү;
- санариптик каналдар жана социалдык тармактар үчүн контент даярдоого катышуу;
- актуалдуу маалыматты ыкчам чагылдырууда көмөк көрсөтүү;
- пресс-кызматынын кызматкерлеринин жетекчилиги алдында жана компаниянын учурдагы коммуникациялык процесстеринин алкагында тапшырмаларды аткаруу.
Такшалма шарттары:
- Эмгек акысы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 2-апрель, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.