БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 22 January 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 05.02.2026, 16:00 чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Администрация бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Ар кандай багыттар боюнча жогорку билим;
- Компьютерди ишенимдуу колдонуучу, MS Office программаларын билүү;
- Инициативдүүлүк жана жаңыны уйрөнүүгө умтулуу;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлук;
- Тыкаандык жана тактыкка төп болуу;
- Стресске туруктуулук жана сылыктык;
- Кыргыз, орус тилдерин билүү, англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет.
Милдеттери:
- Телефон байланышын камсыз кылуу, алынган билдирүүлөрдуу кабыл алып жна өткөрүп берүү, аларды жазуу жана компаниянын кызматкерине жеткирүү;
- Келген конокторду каттоо;
- Ашканалардын жана дааратканалардын керектүү нерселер менен камсыздалышын көзөмөлдөө;
- Жетекчилердин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткаруу;
- Компания өткөргөн жыйындарды, кеңешмелерди жана иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча зарыл иштерди аткаруу;
- Конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүп, аларды натыйжалуу жана сылык тейлөөнү камсыз кылуу;
- Корпоративдик иштерди өз учурунда жана сапаттуу аткаруу, документтерди сканерлөө жана ар түрдүү документтерди тиковка кылуу;
- Офистеги кызматкерлердин жайгашуусу боюнча файлды ай сайын жаңыртып туруу;
- .Ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоо.
Такшалма шарттары:
- Эмгек акысы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 5-февраль, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.