БЕКИТКИЧ МАТЕРИАЛДАРЫН (МЕТИЗДЕРДИ) САТЫП АЛУУ БОЮНЧА
Жарыяланган: 11 February 2026
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК бекиткич материалдарын (метиздерди) сатып алуу боюнча котировкалык сунуштарды суроо жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоо процесси башталганын маалымдайт жана Сизди ушул тандоого катышууга чакырат.
- Сунуштарды тапшыруу тартиби
Катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
- Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү.
Документтерге шилтеме: www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov
- Коммерциялык сунушту кыргыз же орус тилинде даярдап, PDF форматында, келишимге кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган түрдө жөнөтүү.
Сунуш төмөнкү электрондук дарекке жиберилиши керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
- Коммерциялык сунуш курамы
Төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө камтылышы керек:
- Жеткирүү мөөнөттөрү;
- Жеткирүү шарттары (DDP);
- Төлөм шарттары;
- КПнын жарактуулук мөөнөтү — кеминде 30 календардык күн;
- Сунушталган товарга тиешелүү сертификат (милдеттүү).
- Жеткирүү дареги
DDP — «Кумтөр Голд Компани» ЖАК кампасы:
Кыргызстан, Бишкек ш., Л. Толстой / Элебаев көчөлөрү.
- Баалоо критерийлери
Жеңүүчү болуп талаптарга толук шайкеш келген жана эң төмөн бааны сунуштаган компания табылат.
Сунуштар төмөнкү тема менен жөнөтүлүшү керек:
«Запрос № R28995 крепежные материалы (метизы)»
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү:
2026‑жылдын 18‑февралы, саат 12:00 (Бишкек убактысы)
- Кошумча шарттар
- Заказчик каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу.
- КП расмий бланкта, кол коюлуп жана мөөр басылып берилиши керек.
- Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар каралбайт.
- Ар бир катышуучу бир гана КП тапшыра алат.
- КПнын жарактуулук мөөнөтү — кеминде 30 күн.
- Тандап алуу мөөнөтүндө сунуштарды өзгөртүүгө жол берилбейт.
- Байланыш үчүн
Бардык суроолор төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
Түшүндүрмө берүү боюнча суроолор акыркы мөөнөттөн 3 календардык күн мурда кабыл алынат.
Колдонмолор:
№1 Тиркеме