БАЛЫКЧЫ ШААРЫНДАГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТЫ ҮЧҮН КЕҢСЕ ЭМЕРЕГИН ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА ОРНОТУУ БОЮНЧА
Жарыяланган: 04 March 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 11-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чейин.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАК үчүн төмөндө көрсөтүлгөн товарларды жеткирип берүү боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат:
- Лот №1 – Буйрутмага каркастык эмерек жана журнал үстөлдөрү;
- Лот №2 – Ашкана эмереги;
- Лот №3 –Металл шкафтар и сейфтер;
- Лот №4 – Кеңсе креслолору жана отургучтары;
- Лот №5 – Жалюзи;
- Лот №6 – Корпустук эмерек;
- Лот №7 – Өсүмдүктөр;
- Лот №8 – Бут кийим тазалоочу аппарат;
- Лот №9 – Жумшак эмерек;
- Лот №10 – Маркердик такта;
- Лот №11 – Отургучтар (скамья).
Конкурстук сунушка жана ага тиркелген документтерге, тиркемелерге жана баа сунуштарына конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.
Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурска катышууну каалаган бардык каалоочуулар Чакырууга тиркелген №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 жана №8 тиркемелердин баары менен таанышып, Чакыруунун №2, №3, №4, №5, №8 Тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
Конкурска катышуучулар өздөрүнүн конкурсқа катышуу үчүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу, көлөмү 25 МБдан ашпаган бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек.
Каттар эки өзүнчө топтомдо konkursvspom2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө жана төмөнкү темаларды камтууга тийиш:
– биринчи топтомдун темасы: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»;
– экинчи топтом үчүн: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]».
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:
- №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
1. Биринчи баскыч
1.1 Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:
- Акыркы эки жыл үчүн окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган келишимдердин көчүрмөлөрү;
- Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча (МСК, Соц. Фонд) карыздардын жоктугу тууралуу маалымкаттардын оригиналдарынын сканерленген көчүрмөлөрү.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү / Юстиция министрлигинин сайтынан электрондук үзүндү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же учурдагы патенттин көчүрмөсү, мында Иштин түрү сатып алуунун предметине ылайык келиш керек);
- Уставдын оригиналынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Документтерге кол коюу укугун тастыктаган буйрук, чечим же башка документ. Ишеним кат берилген учурда буйрук же чечим милдеттүү түрдө кошо тапшырылууга тийиш;
- Кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- 2023 жана 2024-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, бардык тиркемелери менен бирге бухгалтердик баланстын (киреше жана чыгашалар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет) оригиналынын сканерленген көчүрмөсү, же БСД (Бирдиктүү салык декларациясы), же жеткирип берүүчүнүн төлөөгө жарамдуулугун тастыктаган банк эсебинин көчүрмөсү (оригинал);
- Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды жана учурдагы жылды камтуу менен);
- Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация (Чакырууга №2 Тиркеменин формасы боюнча);
- Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакырууга №3 Тиркеменин формасы боюнча);
- Конкурстук табыштама (Чакырууга №4 Тиркеменин формасы боюнча);
- Талаптардын шайкештиги боюнча таблицасы.
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
- документтердин толук топтомосун бербеген;
- сыр сөзү жок топтом менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
- Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
- кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация жок болгон учурда (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме жок болгон учурда (Чакыргууга №3 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган конкурстук табыштама жок болгон учурда (Чакыргууга №4 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган шайкештик таблицасы жок болгон учурда (Чакыргууга №8 Тиркеме формасы боюнча);
- документтерди чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырган катышуучулар;
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацисынан өтпөгөн учурда.
2. Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
- Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
- Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
- Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №5 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
- Баа/сапат/ катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, жана техникалык тапшырманын талаптарына жооп берген конкурстук табыштаманы берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
- Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
- Жеткирип берүүчүнүн баалык сунушу конкурстук сунушту тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн тартып 60 (алтымыш) календардык күн ичинде жарактуу болушу керек;
- Товарды жеткирүү, жүктөө жана түшүрүү Жеткирип берүүчүнүн эсебнинен жүргүзүлөт жана жалпы баанын ичине киргизилиши керек.
Баалоо критерийлери:
- Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
Конкурстук сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 11-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чейин.
- Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот, анын ичинде Чакырууга №6 Тиркемесине ылайык келишимдин шарттары.
- Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
- Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган жеткирип берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу суроо калтырган учурдан тартып эки иш күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.
ВСЕ ПРИЛОЖЕНИЯ