АЫФынын КӨАжА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  04 November 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 18.11.2024, 17:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын АЫФынын КӨАжА (Контролдоо-өлчөө алеттери жана автоматика) бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билими тууралуу диплом (төмөнкү багыттардын бири боюнча: «Электр энергетикасы жана электр техникасы (РЗиА)», «Контролдоо-өлчөө алеттери жана аппаратура», «Инженердик системалары АСУ ТП», «Автоматика жана технологиялык процесстерди автоматташтыруу»);
 
- Ар кандай объектилерде жана ишканаларда өз адистиги боюнча иш тажрыйбасы бар болуу же такшалмадан өткөндүгү артыкчылык болот;
 
- Аспаптар жана өлчөөчү алеттер менен иштей билүү (мультитестер, осцилограф, вольтметр, амперметр);
 
- Электроника боюнча негизги билими болуу, электр жана электрондук схемаларды окуй билүү;
 
- Жоопкерчилик, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, көңүл буруу;
 
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, MS Office, Outlook;
 
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү артыкчылыктуу.
 
Милдеттер:
- КӨАжА бөлүмдөрүнүн аткарган иштери, иштөө режимдери, өндүрүштүк нускамалар, жеке жабдуулардын өлчөө алеттери жана АЫФтын өндүрүштүк аймактары менен таанышуу;
 
- КГКнын объекттеринде колдонулган алеттердин жана жабдуулардын жөнөкөй жана татаал системаларынан, өндүрүш процесстерин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу системаларынан баштап техникалык тейлөө боюнча таанышуу жана окуу;
 
- Техникалык тейлөө иштерин, алеттерди жана КӨАжА аппаратураларын оңдоо иштерин аткарууда бригадага жардам көрсөтүү;
 
- КӨАжА боюнча слесарга жардам берүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
 
- Такшалманын графиги – 14/14
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 18-ноябрьда 17:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.