АЫФнын ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

АЫФнын ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 24 October 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 07.11.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФнын өндүрүш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Түстүү металлдардын металлургиясы” же “Пайдалууу казылмалардын байытуусу” адистиги боюнча жогорку билим;
  • Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
  • Натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү;
  • Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
  • Жеке сапаттар: эмгекчилдик, жоопкерчилик, этияттуулук, аткаруучулук, командада иштей билүү жөндөмү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуулук;

Милдеттери:

  • ЗИФтеги технологиялык процесстер менен таанышуу;
  • ЗИФ жабдууларынын эксплуатациясы жана өндүрүштүк параметрлерин көзөмөлдөөгө катышуу;
  • ЗИФтеги технологиялык жабдууларды туура жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу иштерине катышуу;
  • Технологиялык параметрлерди талдоо жана аларды жакшыртуу боюнча иштерге катышуу;
  • Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин, ЖСИ колдонуу талаптарын, өндүрүштүк нускамаларды, КГКнын жоболорун, буйруктарды жана башка нормативдик документтерди сактоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 7-ноябрында, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.