АЫФнын ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  24 October 2025
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 07.11.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында АЫФнын өндүрүш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- “Түстүү металлдардын металлургиясы” же “Пайдалууу казылмалардын байытуусу” адистиги боюнча жогорку билим;
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
- Натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү;
- Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
- Жеке сапаттар: эмгекчилдик, жоопкерчилик, этияттуулук, аткаруучулук, командада иштей билүү жөндөмү;
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуулук;
Милдеттери:
- ЗИФтеги технологиялык процесстер менен таанышуу;
- ЗИФ жабдууларынын эксплуатациясы жана өндүрүштүк параметрлерин көзөмөлдөөгө катышуу;
- ЗИФтеги технологиялык жабдууларды туура жана коопсуз пайдаланууну камсыз кылуу иштерине катышуу;
- Технологиялык параметрлерди талдоо жана аларды жакшыртуу боюнча иштерге катышуу;
- Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин, ЖСИ колдонуу талаптарын, өндүрүштүк нускамаларды, КГКнын жоболорун, буйруктарды жана башка нормативдик документтерди сактоо.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
- Такшалма графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2025-жылдын 7-ноябрында, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.