АЙДООЧУ (БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕ)
Жарыяланган: 04 July 2025
ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 11-июлу.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК айдоочу кызмат ордуна кызмат көрсөтүү келишимдин негизинде конкурс жарыялайт.
Өтүнмөлөр төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: driver.kg@kumtor.kg
Кызмат ордунун аталышы: Айдоочу (Бишкек шаарындагы кеңсе)
МИЛДЕТТЕРИ:
- Жүргүнчүлөрдү коопсуз жана өз убагында ташууну камсыз кылуу.
- Автотранспортту таза жана техникалык жактан иштеп турган абалда кармоо.
- Жол баракчаларды жана керектүү документтерди толтуруу.
- Жетекчинин транспорттук тапшырмаларын аткаруу.
- Макулдашуу менен дем алыш жана майрам күндөрү иштөө мүмкүнчүлүгү.
- Автотранспортко үзгүлтүксүз техникалык тейлөө жана кароо жүргүзүү.
ТАЛАПТАР:
- «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүк.
- Айдоо тажрыйбасы – кеминде 3 жыл.
- Жол кыймылынын эрежелерин билүү жана аларды иш жүзүндө колдоно билүү.
- Навигациялык тутумдарды колдоно билүү.
- Сылыктык, тактык жана жоопкерчилик.
- Мурунку иштеген жерлеринен сунуш каттар жана тажрыйбаны тастыктаган документтерди кошо тапшыруу.
- Резюме.
Шарттар:
- Буйрутмачынын талабы боюнча Бишкек шаарындагы кеңседе аралыктан иштөө жана зарыл учурда Кумтөр кенине чыгуу мүмкүнчүлүгү менен иштөө графиги.
- Кызмат көрсөтүүнүн баасы маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат.
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА