АЧЫК ЫКМА МЕНЕН КЕНДЕРДИ КАЗЫП АЛУУДА ЖАРДЫРУУДАН КИЙИН ТОО ТЕКТЕРИНИН МАССИВИНИН ЖЫЛЫШЫН АНЫКТООГО АРНАЛГАН ПРОГРАММАЛЫК-АППАРАТТЫК КОМПЛЕКСТИ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 24 March 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 1-апрели, саат 13:00.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) төмөндө көрсөтүлгөн товарларды «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка жеткирип берүү боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска ыйгарым укуктуу жеткирүүчүлөрдү катышууга жана конкурстук документациясы менен Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат:
ЛОТ:
- Датчик-трансмиттерлер (Датчиктер): Диаметри 150–200 мм болгон скважиналарга орнотулуучу чыгымдалуучу электрондук түзүлүштөр. Саны – 200 даана;
- Программалоо түзүлүшү: датчиктерди активдештирүү жана орнотууларын жөнгө салуу үчүн. Саны – 1 даана;
- GNSS колдоосу бар издөө түзүлүшү: жардыруудан кийин датчиктердин координаттарын издөө жана каттоо үчүн мобилдик түзүлүш. Саны – 1 даана;
- Тетиктер, шаймандар менен жасалгалар комплекти (ЗИП) жана аксессуарлар: заряддагыч түзүлүштөр, коргоочу кейстер, монтаждоо үчүн жасалгалар.
Конкурстук сунушка жана ага тиркелген документтерге, тиркемелерге жана баа сунуштарына конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.
Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурска катышууну каалаган бардык каалоочуулар Чакырууга тиркелген №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 жана №8 тиркемелердин баары менен таанышып, Чакыруунун №2, №3, №4, №5, №8 Тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
Конкурска катышуучулар өздөрүнүн конкурсқа катышуу үчүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу, көлөмү 25 МБдан ашпаган бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек.
Жөнөтүлчү каттагы биринчи топтомдун темасы: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»; экинчи топтом үчүн: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]». Каттар konkurspac2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө тийиш:
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек::
- №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
1. Биринчи баскыч
1.1. Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:
- Акыркы эки жыл ичинде окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган келишимдердин көчүрмөлөрү;
- Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерден алынган көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, ошол эле учурда ишмердиктин түрү сатып алуу заттарга дал келиши керек);
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Буйрук, чечим, же адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган башка документ. Ишеним кат берилген учурда буйрук же чечим милдеттүү түрдө берилет;
- Кол койгон жактын паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- Акыркы 2023 жана 2024-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет, акча агымдары жөнүндө отчет) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) менен түп нускадагы баланстын сканерленген көчүрмөсү;
- Сот ишинин катышуусуна катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл);
- Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация, (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыргууга №3 Тиркеме формасы боюнча);
- Конкурстук табыштама (Чакыргууга №4 Тиркеме формасы боюнча);
- Талаптарга шайкештик таблицасы.
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
- документтердин толук топтомосун бербеген;
- сыр сөзү жок топтомо менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
- Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
- кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация жок болгон учурда (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме жок болгон учурда (Чакыргууга №3 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган конкурстук табыштама жок болгон учурда (Чакыргууга №4 Тиркеме формасы боюнча);
- Кол коюлган Талаптарга шайкештик таблицасы жок болгон учурда (Чакыргууга №8 Тиркеме формасы боюнча);
- Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацисынан өтпөгөн учурда.
2. Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
- Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
- Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
- Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №5 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
- Жеңүүчү болуп баа/сапат боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык Тапшырма шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген катышуучу саналат.
- Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
- Жеткирүүчүнүн баа сунушу конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн тартып 60 (алтымыш) календардык күн бою жарактуу болушу керек;
- Товарды жеткирүү, жүктөө жана түшүрүү чыгымдары Жеткирүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт жана баага киргизилиши зарыл.
Баалоо критерийлери:
- Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
- Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишимин түзүү укугу берилген катышуучу, Келишимге кол коюлганга чейин жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КТКБ (Келишимдин аткарылышын кепилдик камсыздоо) катары акча каражатын киргизиши же ошол эле суммада банк кепилдигин бериши керек;
- ГОИДти киргизүү үчүн банк эсебинин реквизиттери Чакыруунун №7 Тиркемесинде көрсөтүлгөн
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «1» апрелинде, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00 чейин.
- Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот, анын ичинде Чакырууга №6 Тиркемесине ылайык келишимдин шарттары.
- Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
- Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн nurlan.semetov@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып 2 (эки) жумушчу күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР