КАРЬЕРДИ КУРГАТУУ ЖАНА СУУ АГЫЗУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КАРЬЕРДИ КУРГАТУУ ЖАНА СУУ АГЫЗУУ КЫЗМАТЫНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 23 January 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 08.02.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Карьерди кургатуу жана суу агызуу кызматына эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. 

Талаптар:

  • Тоо-кен тармагында жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом;
  • Microsoft Office программаларын жакшы билүү;
  • Натыйжалуу баарлашуу жөндөмү;
  • Кесиптик көндүмдөрдү үйрөнүүгө умтулуу;
  • Жеке сапаттар: эмгекчилдик, жоопкерчилик, командада иштей билүү;
  • Оор физикалык жумуштарды аткаруу үчүн, жакшы физикалык даярдык;
  • Тоо шарттарында иштөөгө жарамдуулук;
  • Такшалмадан өткөндүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчетторду жана баяндамаларды даярдай билүү

Милдеттери:

  • Ачык тоо-кен казуу иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле сууну чыгаруу жана кургатуу процесстерин аткарууда коопсуз иштөө ыкмаларын изилдөө жана өздөштүрүү;
  • Отчеттук документтерди жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча көндүмдөрдү өздөштүрүү;
  • Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
  • Тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн ишин, анын ичинде диспетчердик кызматтын жана MineSense системасынын иши менен таанышуу;
  • Түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
  • Такшалма учурунда Компаниянын Эрежелеринде көрсөтүлгөн коопсуздук техникасынын жана эмгек тартибинин эрежерлин сактоо.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 8-февраль күнү, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.