Жарыяланган: 12 January 2026
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 16-январы, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди «КАМАЗ», «УАЗ» жана «ЛАДА» маркасындагы жүк-жеңил унаалар үчүн оригиналдуу запастык тетиктерди, компоненттерди жана керектелүүчү материалдарды жеткирүү боюнча конкурсқа катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Арыз жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюу ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF жана милдеттүү түрдө Excel форматында берилүүгө тийиш. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен ырасталышы зарыл. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Конкурска катышуучулар коммерциялык сунушту электрондук түрдө kamaz.uaz.lada@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 16-январына чейин, саат 12:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш.
Сатып алынуучу запастык тетиктердин тизмеси тиркелет. |
| Конкурска катышуу арызы төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат; Коммерциялык сунуш. |
| Балоо критерийлери: | Эң төмөнкү бааны жана жеткирүү үчүн оптималдуу мөөнөттөрдү камтыган сунуш тандоодон өткөн деп эсептелет. |
| Темасы: «КАМАЗ, УАЗ, ЛАДА үчүн оригиналдуу запастык тетиктер» деп көрсөтүлгөн сунушту kamaz.uaz.lada@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 16-январына чейин, саат 12:00гө чейин жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт.
Эскертүү: сапатын жана жеткирүү ишенимдүүлүгүн текшерүү стадиясында турган аякталбаган тесттик заказдары бар жеткирүүчүлөргө конкурска катышууга жол берилбейт. |
|
| Конкурстук сунуштар расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунушун бере алат. Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюудан мурун сунуштун наркынын 2% өлчөмүндө келишимди аткаруу боюнча кепилдик берүүгө милдеттүү. | |
| Аванстык төлөм болгон учурда жеңүүчү компания аванстык төлөмдү төлөп берүүгө кепилдик катары, сатып алуучу уюмдун банкы тарабынан SWIFT системасы аркылуу тастыкталган аванстык төлөмдүн көлөмүнөн кем эмес өлчөмдө банктык гарантия берүүгө милдеттүү. | |
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Tengiz.Akmatbaev@kumtor.kg (ӨТӨ МААНИЛҮҮ! Коммерциялык сунуштарды бул дарекке жөнөтпөңүз!). | |
Тиркеме: