KABAR: КУМТӨРДӨ АЛТЫНДЫ ЖЕР АСТЫНАН КАЗУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ДА, ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ДА ТУУРА ЧЕЧИМ – ЭКОЛОГ

KABAR: КУМТӨРДӨ АЛТЫНДЫ ЖЕР АСТЫНАН КАЗУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ДА, ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ДА ТУУРА ЧЕЧИМ – ЭКОЛОГ

Жарыяланган: 01 September 2025

Кумтөрдө алтынды жер астынан казуу экологиялык жактан да, экономикалык жактан да туура чечим. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине эколог Гамал Сооронкулов билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдө алтынды жер астынан казууну экологиялык жана экономикалык жактан кароо керек. Эки жагынан тең алганда бул абдан туура жана артыкчылыктуу чечим болду.

“Экологиялык жактан алып карасак, жер астынан казып алуу ыкмасы жаратылышка зыян тийгизбейт. Жер үстүнөн алтын казуу учурунда биз көптөгөн аймактарды бузуп, жаратылышка олуттуу зыян келтирдик. Айрым ири мөңгүлөр да жок болуп кетти. Ал эми азыркы жер астынан казып алуу ыкмасы калдыктарды калтырганы менен, анын жаратылышка терс таасири кыйла аз.

Геологдордун айтымында, 1 тонна руданын ичинен 5 грамм алтын алынып жатат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Демек, жалпы жонунан алганда, бул экологиялык жактан туура чечим болду. Чындыгында, мындай ыкмага мурун эле өтүшүбүз керек болчу. Экономикалык жагынан караганда да бул абдан пайдалуу. Руданын сапаты жогору болгондуктан, азыраак чыгым менен көбүрөөк алтын өндүрүп жатабыз. Эң башкысы азыркы учурда баары ачык-айкын жүргүзүлүп жатат. Мурункудай уурдоо, мыйзамсыз иштер жок. Бул өлкөнүн экономикасына чоң салым кошууда.

Экономикалык өнүгүү менен кошо социалдык жаатта да көптөгөн жетишкендиктер байкалууда. Пенсиялар, жөлөкпулдар көбөйүп, бир катар социалдык объекттер курулууда. Мен өзүм өлкөнү түрө кыдырып жүрөм. Бардык аймактарда курулуш иштери активдүү жүрүп жатат. Мисалы, бүгүн Өзбекстандан келдим. Мурда “Достук” өткөрмө пункту кандай начар абалда эле? Азыр болсо заманбап, көрктүү комплекске айланды. Өзбекстандык кесиптештеримдин алдында сыймыктануу менен өттүм”,-деди ал.

Сооронкулов белгилегендей, буга чейин эч бир дагы тармакта мындай деңгээлдеги өсүү болгон эмес.

“Кумтөрдүн алтыны чынында эле өлкө үчүн чоң пайда алып келүүдө. Кумтөр мамлекеттин менчигине өткөндөн бери абдан чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Калктын жашоо деңгээли жогорулап, жалпы экономикалык жана социалдык абал жакшырды. Демек, бул — көптөн күткөн күн. Өлкө башчыбыз чындап эле абдан туура чечим кабыл алды”,-деди ал.

Булак: https://kabar.kg/news/kumtrd-altyndy-zher-astynan-kazuu-ekologiyalyk-zhaktan-da-ekonomikalyk-zhaktan-da-tuura-chechim-ekolog/?fbclid=IwdGRzaAMgDZJjbGNrAyANPGV4dG4DYWVtAjExAAEe2fltHHwzLPfKCdsHfbpnJ7Ew4h5YE33KjGVtv3TUt-zCyCdJVaergheLyWg_aem_YAoF35Iy_Ja4BL1G2thKew