IT (МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН) ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

IT (МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫН) ТОВАРЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 06 March 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 17:00 (Бишкек убактысы) 2026-жылдын 13-марты.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК техникалык тапшырмаларга ылайык IT (маалыматтык технологиялардын) товарларын жеткирүү боюнча котировкаларды суроо ыкмасы менен өткөрүлүп жаткан конкурсқа катышууңузду чакырат.

Тапшыруу форматы: Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Сунуштарды берүү тартиби:

 

Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө.

Technology2026@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 13-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.

Башка почтага келип түшкөн конкурстук табыштамалар каралбайт.

Сатып алынуучу товарлардын тизмеси ушул конкурстук документацияга тиркелет.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунуштарда төмөнкүлөр эске алынышы керек:

∙ Жеткирип берүү мөөнөтү

∙ Жеткирип берүү шарттары

∙ Төлөө шарттары

∙ КСтин жарамдуулук мөөнөтү (минималдуу 30 күн)

Баалоо критерийлери: Тандоодон өткөн деп техникалык тапшырмага толугу менен шайкеш келген, эң төмөн бааны жана жеткирүү боюнча оптималдуу мөөнөттөрдү көрсөткөн сунуш табылат.
Сунуштар төмөнкү почтага жөнөтүлүшү керек:

Technology2026@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 13-март айы, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек.
Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун тапшыруу менен, катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өз макулдугун берет.

Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

«Эгер Жеткирип берүүчү КСти биринчи жолу тапшырып жаткан болос жана мурда аккредитациядан өтпөгөн болсо, анда катышуучу төмөндөгү шилтемеде көрсөтүлгөн документтердин топтомун берүүгө тийиш –

Сатып алуу жол-жоболорунун катышуучулары тарабынан берилүүчү документтердин тизмеси.

Кантип жеткирип берүүчү болсом болот | Кумтөр Голд Компани

Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: NurbekE.Musaev@kumtor.kg
Тандоо шарттары боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 календарлык күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек.