ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 19 September 2023

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 03.10.2023, 17:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Маркшейдердик иш”, “Ачык тоо-кен иштери”, “Пайдалуу казындылардын кендерин жер алдында иштетүү”, “Тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери”, “Пайдалуу жер казыналардын геологиясы”, “Гидрогеология”, “Өнөр жай жана жарандык курулуш” багыттарынын бири боюнча жогорку билим;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office жана AutoCAD программасын билүү;
  • Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Жеке инсандык сапаттары: эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
  • Белгиленген график боюнча такшалма өтүүгө даяр болуу.

Милдеттери:

  • Геодезиялык жабдууларды, аспаптарды жана алардын колдонулушун өздөштүрүү жана изилдөө;
  • Маркшейдер тартууларын коопсуз жүргүзүүгө жана геодезиялык шаймандарды колдонуу менен алып чыгууга көмөктөшүү;
  • Карьердин бортундагы мониторинг чекиттерин орнотуу жана сүрөткө тартуу, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу жана тартуу боюнча нускамаларга ылайык, ишти коопсуз аткарууга көмөктөшүү;;
  • Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу;
  • Кен ишканасынын геологдорунун иштери менен таанышуу;
  • Кен ишканасынын гидрогеологдорунун иштери менен таанышуу;
  • Инженерлердин долбоорлору, инфраструктуралык объекттердин схемалык чиймелери боюнча иштери менен таанышуу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн: 2023-жылдын 3-октябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО Следующая публикацияАЛТЫН ЫЛГООЧУ ФАБРИКАСЫНЫН КОНТРОЛДУК-ӨЛЧӨӨ ЖАБДУУЛАРЫ ЖАНА АВТОМАТТАШТЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.