ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  05 August 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 13.08.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Химия жана химиялык технология (инженерия) багыты боюнча жогорку билим, (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз.);
 
- Лабораториялык жабдууларды билүү (спектрометрлер, титраторлор);
 
- Колдонуучу деңгээлинде компьютердик көндүмдөрдү билүү (MS Office пакети)
 
- Химиялык реагенттер менен иштөөнү билүү;
 
- Аллергиялык оорулардын жоктугу;
 
- Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
 
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.
 
Милдеттери: 
- Түздөн-түз жетекчинин тапшырмаларын аткаруу;
 
- Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн бардык процесстерин изилдөө;
 
- Үлгүлөрдү каттоого, сорттоого, кургатууга көмөктөшүү, ошондой эле үлгүлөрдү электен талдоо;
 
- Геологиялык жана технологиялык үлгүлөрдүн аналитикалык лабораториясына келүүчү эритүүгө сынамдарды даярдоо;
 
- Калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулуш инспекцияларына катышуу;
 
- Өз компетенциясынын чегинде жумуш ордунда иштин коопсуздугун жана өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылуу;
 
- Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узкатыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Кумтор кен-ишканансы
 
- Такшалманын графиги – 14/14
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны жана баардык керектүү документтерди 2024-жылдын 13-августунда 16:00дөн кеч эмес шилтеме аркылуу өтүп толтурунуз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.