ХИМИЯЛЫК ПРОДУКТЫЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮГӨ КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

ХИМИЯЛЫК ПРОДУКТЫЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮГӨ КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

Жарыяланган: 02 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 08-апрели, саат 14:00.


Урматтуу айымдар жана мырзалар!

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу берүүчүлөрдү төмөнкү Химиялык продуктыларды жеткирүүгө котировкаларды суроо ыкмасын колдонуу менен конкурска катышууга чакырат:

№п/п Аты өлчөө бирдиги Жалпы сан
1 Ацетон (осч 9–5) мар. ОП-2 (1 литрдик бөтөлкө) бөтөлкө 5
2 КИСЛОТА СЕРНАЯ, ТЕХНИЧЕСКАЯ, ГОСТ 2184–2013 (18-20кг канистраларда) кг 144
3 Ортофосфорная кислота 85% (35кг канистраларда) кг 2100
4 НИТРАТ СЕРЕБРА, АЗОТНОКИСЛОЕ (AGNO3, ТВЁРДЫЙ, АНАЛИТИЧЕСКАЯ СТЕПЕНЬ ЧИСТОТЫ 99,8% (50 грамдык бөтөлкөлөрдө) бөтөлкө 45
5 БЕЗВОДНАЯ БУРА (25 КГ мешоктор) кг 1750
6 ТИОМОЧЕВИНА, CH4N2S, 99%  (25 КГ мешоктор) кг 3500

Бөлүнүүчү лоттор.  

Коммерциялык сунушту (КС) даярдоодо милдеттүү түрдө төмөнкү шарттарды көрсөтүү керек:

  • Жеткирүү убакыттары
  • Жеткирүү мөөнөтү
  • Жеткирүү шарттары – DAP/DDP г.Бишкек, ул.Ибраимова,24 же DAP/DDP г.Балыкчы, Нарын шоссе,9.
  • Төлөм шарттары
  • КСнын жарактуулук мөөнөтү (30 күндүк минималдуу мөөнөттү көрсөтүү керек)
  • КС орус тилинде берилиши керек

Коммерциялык сунуш №3 тиркемедеги форманы колдонуу менен толтурулат.

Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун негизги талаптары:

  1. Коммерциялык сунушка ыйгарым укуктуу өкүл кол коюп, мөөр басылышы керек.
  2. Коммерциялык сунушта «Баа сунушу [компаниянын аталышы]» деген тема болушу керек жана himiya2026@kumtor.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.
  3. Коммерциялык сунушка сапат Сертификаты жана коопсуздук боюнча маалымат баракчасы тиркелиши керек.
  4. Документтер PDF форматында берилиши керек.

Баалоо критерийлери:

  • Белгиленген техникалык талаптарга жооп берген жана баасы/сапаты/жеткирүү мөөнөтү/жеткирүү шарттары боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү болуп таанылат.

Эгерде Жеткирүүчү КСти биринчи жолу берип, буга чейин аккредитациядан өткөн эмес болсо, анда катышуучу төмөндө берилген шилтемедеги

“Сатып алуу жол-жоболоруна Катышуучулар тарабынан берилүүчү документтер тизмеси” бөлүмүндө көрсөтүлгөн белгилүү бир документтер топтомун тапшырууга тийиш.

Как стать поставщиком | Кумтор Голд Компани

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «8» апрель, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.

  • Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Chynara.dzhaksygulova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.

 

№3 Тиркемеси