ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 06 November 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында геологиялык чалгындоо бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Геология», «Пайдалуу кендердин кен орундарын геологиялык тартуу, издөө жана чалгындоо», «Тоо-кен иши» же башка тектеш адистиктер боюнча жогорку билим;
  • Геология жана геологиялык чалгындоо иштеринин негиздери боюнча баштапкы билимдер;
  • Компьютерди ишенимдүү пайдалануу, Microsoft Office (Word, Excel, PowerPoint) программаларын билүү;
  • Чоң көлөмдөгү маалыматтар жана документтер менен иштөө көндүмдөрү артыкчылык болуп саналат;
  • Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн иш багыты боюнча окууга жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө даяр болуу.

Милдеттер:

  • Такшалма программасынын алкагында геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн өндүрүштүк процесстерин жана ички жол-жоболорун өздөштүрөт;
  • Такшалмадан өтүү жана бөлүмдүн иш багыты боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу максатында түздөн-түз жетекчисинин (насаатчысынын) тапшырмаларын аткарат;
  • Бөлүм кызматкерлеринин жетекчилиги алдында геологиялык, техникалык жана архивдик материалдарды даярдоого, системалаштырууга жана иштеп чыгууга катышат;
  • Өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде өндүрүштүк милдеттерди аткарууда геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн адистерине көмөк көрсөтөт;
  • Өнөр жай коопсуздугунун, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын сактайт;
  • Белгиленген талаптарга ылайык жеке коргонуу каражаттарын колдонот;
  • Эмгек коопсуздугу боюнча нускамаларга, окутууларга жана башка иш-чараларга катышат;
  • Компания тарабынан берилген жабдууларга, аспаптарга, шаймандарга жана башка материалдык баалуулуктарга аяр мамиле кылат;
  • Такшалма программасында жана Компаниянын ички ченемдик документтеринде каралган окутуудан өтөт;
  • Компаниянын ички ченемдик документтеринин, корпоративдик этика кодексинин жана башка жергиликтүү ченемдик актыларынын талаптарын сактайт.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын узактыгы – эки жылга чейин;
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе;
  • Такшалманын графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылы 23-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.