Жарыяланган: 21 July 2025
Кумтөр кен жайында металлургдардын кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Майрамдык кечеде «Кумтөр Голд Компанин» Башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов, Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисовдор кызматкерлерди куттуктап, ыраазычылык кат, грамота жана корпоративдик белектер менен сыйлашты.
Кумтөрдүн жетекчиси Бузурман Субанов өз сөзүндө металлург кесибинин маанилүүлүгүн жана татаалдыгын баса белгилеп:
«Металлургдук кесип ар кимдин эле колунан келе бербейт. Анткени бул жогорку кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты, бекем эркти талап кылган өзгөчө кесип. Андыктан, ар бириңиздердин талыкпаган эмгегиңерди, кесипкөйлүгүңөрдү жана бекем эркиңерди ар дайым бийик баалайбыз жана ар бириңиздердин алтын өндүрүү ишиндеги салымыңар өзгөчө деп билебиз»-деди.
Ошондой эле компания башчысы дал ушул металлургдардын аракети менен Кумтөр мыкты ийгиликтерге жетишип, өлкө казынасын толтурууга өз салымын кошуп жатканын кошумчалады.
«Өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд сом которулган. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 13,3 млрд сомго жетти. Салыштырмалуу, былтыр ошол эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн. Бул бүткүл өлкө үчүн маанилүү социалдык, инфраструктуралык жана башка долбоорлорду ишке ашырууга чоң салым болмокчу»-деди.