ФОТОРЕПОРТАЖ – КАЛДЫКТАРДЫ КООПСУЗ ЖОК КЫЛУУГА КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА ӨЗГӨЧӨ МААНИ БЕРИЛЕТ

ФОТОРЕПОРТАЖ – КАЛДЫКТАРДЫ КООПСУЗ ЖОК КЫЛУУГА КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНДА ӨЗГӨЧӨ МААНИ БЕРИЛЕТ

Жарыяланган: 08 August 2025

Кумтөр кен жайында калдыктарды жок кылуу экологиялык жана санитардык нормаларды так сактоо менен ишке ашырылат.

Ишкана калдыксыз өндүрүш принцибин карманат жана калдыктар сөзсүз кайра иштетилет же заманбап технологияларды колдонуу менен жок кылынат. Мисалы, тамак-аш калдыктары компост жер семирткичине айландырылса, желим жана резина заттары кайра иштетүүчү атайын ишканаларга жөнөтүлөт. Алсак, эскирген унаа дөңгөлөктөрү кайра иштетүү же калыбына келтирүү үчүн “Кумтөр Голд Компанинин” Токмок шаарындагы филиалы – Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго жөнөтүлөт.

Мындан тышкары, кен жайда сууну кайталап кайра колдонуу ыкмасы активдүү ишке ашырылып келет. Заманбап тазалоочу жайларда тазаланган суулар кайрадан өндүрүш циклине кайтарылып, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири азайтат.

Белгилей кетсек, кен жайдын кызматкерлери калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу системасын активдүү колдоого алууда. Бул калдыктарды жок кылуунун натыйжалуулугун кыйла жогорулатат. Ушул жылдын башынан тарта кенде BRENER үлгүсүндөгү заманбап таштандыларды өрттөөчү инсинератор комплекси ишке киргизилген. Ал күнүнө 1200°C температурада 3 тоннага чейин калдыктарды коопсуз жок кылууга жөндөмдүү. Жабдык эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берет жана абага эч кандай зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.

Ал эми кайра иштетүүгө же жок кылууга мүмкүн болбогон калдыктар ишенимдүү гидроизоляциялык системасы бар, экологиялык коопсуздук системасы катуу корголгон атайын жайга убактылуу жайгаштырылат. Кумтөр кен жайынын Айлана-чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн инженери Арген Элебесовдун айтымында, бул жайдын айланасы толугу менен курчалган жана экологдордун тыкыр көзөмөлүндө турат. Келечекте бул жай баштапкы табигый калыбына келтирилет.