ФОТО – ТОГОЛОК КЕНИНЕ ЖАҢЫ ООР ТОО-КЕН ТЕХНИКАЛАРЫ ЖЕТКИРИЛДИ

ФОТО – ТОГОЛОК КЕНИНЕ ЖАҢЫ ООР ТОО-КЕН ТЕХНИКАЛАРЫ ЖЕТКИРИЛДИ

Жарыяланган: 12 January 2026

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому тарабынан иштетилип жаткан Тоголок кенине атайын оор тоо-кен техникалардын кезектеги партиясы жеткирилди.

Тоголок кени – Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы стратегиялык маанилүү долбоорлордун бири. Кендеги комплекстүү иш-чаралардын алкагында өндүрүштүк кубаттуулукту камсыз кылуу үчүн “Кумтөр Оперейтинг Компани” тарабынан заманбап оор техникалардын ири партиясы сатып алынып, Тоголок кенине ийгиликтүү жеткирилди.

Учурда 4 даана “Shacman” самосвалдары, 2 даана “Нефаз” үлгүсүндөгү вахтовкалар, 2 даана алдыңкы (фронтальный) жүктөгүчтөр, 2 даана бульдозер, бирден автогрейдер жана экскаваторлор кен аймагында ишке кирүүгө даяр турат. Мындан тышкары, жакын арада Тоголок кенине кубаттуу карьердик техникалардын (экскаваторлор, самосвалдар, жүктөгүчтөр) жаңы партиясы келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, жаңы заманбап техникаларды колдонуу өндүрүштүн натыйжалуулугун гана камсыздабастан, алтын казуу сыяктуу технологиялык жактан татаал процессте коопсуздуктун жогорку стандарттарын сактоого кепилдик бермекчи.

Азыркы тапта Тоголок кенинде керектүү инфраструктуралык курулуштар салынып, казуу иштерине кызуу даярдыктар көрүлүүдө.