“ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙДЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

“ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙДЫН” КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жарыяланган: 17 July 2025

Тажрыйба алмашуу жана кесиптик кызматташтыкты чыңдоо максатында “Эти Бакыр Терексай” кыргыз-түрк тоо-кен компаниясынын адистери Кумтөр кен жайына барышты.

Таанышуу иш сапарынын жүрүшүндө “Кумтөр Голд Компанинин” адистери карьер, алтын ылгоочу фабрика, оор техниканы оңдоочу цех, калдык сактоочу жай, жумушчулар лагери, кен башкармалыгынын иши менен тааныштырып, экскурсия уюштурушту.

Өндүрүш процесстерин уюштуруу, өндүрүштүк коопсуздук стандарттарын жана экологиялык жоопкерчиликти сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

“Эти Бакыр Терексайдын” адистери Кумтөрдөгү эмгекти уюштуруунун жана коопсуздук маданиятынын жогорку деңгээлин баса белгилешти. Ошондой эле алар инженерлерден баштап тоо-кен техникасынын механиктерине чейинки кесиптештери менен түз баарлашып, тажрыйба алмашуу багытында кызуу маек курушту.

Ишканалардын мындай өз ара таанышуу иш сапаралары жана тажрыйба алмашуу практикасы өлкөбүздүн тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жана тоо-кен адистеринин кесиптик билимдерин, көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн чоң мааниге ээ.

Белгилей кетсек, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалгыз акционери – “Кыргызалтын” ачык акционердик коому болуп саналат. Ошол эле учурда, кыргыз-түрк “Эти Бакыр Терексай” ишканасында да “Кыргызалтындын” үлүшү бар.