Жарыяланган: 05 November 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 1-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 дарегинде жайгашкан, бардык кызыкдар катышуучуларды Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык эл аралык юридикалык компаниялардын юридикалык кызматтарын сатып алууга эки пакеттүү ыкма менен катышуу чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
Лот №1: 8-тиркемеге ылайык «Товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча техникалык тапшырма — товарларды жеткирүү, кызмат көрсөтүү, иштерди аткаруу №1».
Лот №2: 8-тиркемеге ылайык «Товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча техникалык тапшырма — товарларды жеткирүү, кызмат көрсөтүү, иштерди аткаруу №2».
Конкурстун катышуучулары 2025-жылдын 01-декабры саат 11-00дөн кеч эмес тиешелүү формаларды толтуруп жана талап кылынган документтерди тиркеп, өзүнүн конкурстук өтүнмөлөрүн электрондук түрдө берүүгө тийиш.
Конкурстук өтүнмө конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация түрүндө конкурстук өтүнмөнүн аткарылышын кепилдик камсыздоо менен бирге берилиши керек.
Конкурстук өтүнмө 60 календардык күн ичинде жарактуу болууга тийиш. Кошумча маалыматты же конкурстук документтердин түшүндүрмөлөрүн алуу үчүн конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 күн мурун 2025-жылдын 26-ноябры саат 12-00дөн кеч эмес Gulnur.Shirdakova@kumtor.kg почтасына суроо-талапты жөнөтүү керек. Сатып алуучу уюм анын көзөмөлүнөн тышкары жагдайлардан улам пайда болгон ар кандай кечиктирүүлөр үчүн жооптуу деп эсептелбейт.
| Берүү форматы: | Конкурстук өтүнмө жана башка документтер өтүнмөгө кол коюу ыйгарым укуктарына жана келишим боюнча милдеттенмелерге ээ болгон адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилиши жана PDF форматында берилиши керек. Кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат менен тастыкталышы же тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурун катышуучу Конкурстук өтүнмөнү даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн) (1-тиркеме) менен таанышууга тийиш Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн өзүнчө эки катты тариздөө керек. Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок ар башка кат берилүүгө менен тийиш: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлөт; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада «Финансылык сунуш» деп көрсөтүлөт. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Конкурстун катышуучулары катышууга сунушту конкурстун талаптарына ылайык орус жана / же англис тилинде берүүгө, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды 2025-жылдын 1-декабры саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) электрондук түрдө Law2025@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.
Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн өзүнчө эки катты тариздөө керек: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Техникалык тапшырма эки баракта тиркелет (8-тиркеме). |
| 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
| Катышууга сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар болууну тастыктаган кат, өтүнмөнүн формасы тиркелет (2-тиркеме) |
| Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү | |
| Негизги иш түрүн аныктоочу документтин сканерленген көчүрмөсү (Устав), ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| 2023-2024-жылга финансылык туруктуулукту тастыктаган документ | |
| Мурунку контракттарды аткаруу боюнча сунуштамалар жана пикирлер. | |
| Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация, формасы тиркелет (3-тиркеме) | |
| Конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация, формасы тиркелет (4-тиркеме) | |
| Кызматкерлердин мурдагы иш тажрыйбасын баяндоо менен, алар жөнүндө маалымат. Формасы тиркелет (5-тиркеме) | |
| Мурда аткарылган иштерди жана сунуштамаларды кыскача баяндоо менен ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, Формасы тиркелет (5-тиркеме) | |
| Келишимди аткарууга тартыла турган, юридикалык компанияларга жана юридикалык компаниянын юристтерине коюлуучу башка милдеттүү талаптар, 1 жана 2 Техникалык тапшырмалардын 5-пунктунда берилген. | |
| Биринчи этапты баалоо критерийлери: | Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана сураган документтердин толук пакетин берген жак конкурстун биринчи этабынан өттү деп таанылат. |
| Финансылык сунушту берүү тартиби | 2-этап: Сунуштун финансылык бөлүгү: |
| Финансылык/коммерциялык сунуш пароль коюлган архивде берилиши керек, өтүнмөнүн формасы тиркелет (7-тиркеме). Пароль бул конкурс боюнча жооптуу адамдын суроо-талабы боюнча берилет.
Архивдин паролу кеминде 8 символдон турууга тийиш жана 1 санды, 1 символду, кеминде бир баш тамганы жана бир кичине тамганы камтууга тийиш. Катышуучунун расмий бланкындагы финансылык/коммерциялык сунуш жумуштардын наркын, аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөө шарттарын көрсөтүү менен, «Кумтор голд компани» ЖАКга жөнөтүлөт. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардын гана паролдору суралат. Финансылык/коммерциялык сунушту паролсуз же квалификациялык документтер менен бирге берген учурда сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
|
| Баалоого карата талаптар | Жумуштун аткарылышы үчүн баалоону кызматтардын/жумуштардын түрлөрү боюнча коммерциялык сунуш түрүндө берүү керек.
Баалоодо чыгымдардын өлчөмдөрү жана түрлөрү көрсөтүлөт. |
| Темасын: «Юридикалык кызматтар» жана лотту көрсөтүү менен Катышууга сунушту Law2025@kumtor.kg электрондук почтасына 2025-жылдын 1-декабры саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.
Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада «Квалификациялык документтер _ юридикалык кызматтар» деп көрсөтүлөт; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада «Финансылык сунуш_юридикалык кызматтар» деп көрсөтүлөт. |
|
| Тапшырыкчы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурсту токтотууга укуктуу, мында конкурстун катышуучуларынын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт. | |
| Катышууга сунуш катышуучунун расмий бланкында болууга тийиш. | |
| Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин конкурстун катышуучулары тарабынан берилген катышууга сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өзүнүн макулдугун билдирет. Конкурстун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунушту бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүндө катышуу сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул келишимдин долбоору акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн (6-сунуш). |
|
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор жана конкурстун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин 3 календардык күн мурун gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине электрондук почта боюнча жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим биринчи жана экинчи этаптан өткөн жана эң аз наркты сунуштаган катышуучуга ыйгарылат. | |