ЭКИ ТОПТОМДОН ТУРГАН ЧЕКТЕЛБЕГЕН КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ: АММИАК СЕЛИТРАНЫ ЖЕТКИРҮҮ

ЭКИ ТОПТОМДОН ТУРГАН ЧЕКТЕЛБЕГЕН КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ: АММИАК СЕЛИТРАНЫ ЖЕТКИРҮҮ

Жарыяланган: 04 February 2026

ТАБЫШТАМАЛАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 18-февралы, саат 17:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча)


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары «КГК») сизди аммиак селитрасын жеткирүү боюнча конкурска катышууга чакырат (Техникалык Тапшырмага ылайык):

Квалификациялык документтерди тапшыруу үчүн негизги талаптар:

  1. Документтер PDF форматында берилүүсү керек.
  2. Документтер selitra2026@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.
  3. Бир каттын көлөмү 25MBдан ашпашы керектигин эске алыңыз.

Тапшыруу үчүн талап кылынган документтер:

Кыргыз Республикасынын тургундары үчүн:

  1. Толтурулган сурамжылоонун көчүрмөсү (ушул Тизменин №1 формасы боюнча);
  2. Жеткирүүчүнүн деталдарын көрсөтүү жана өзгөртүү үчүн толтуруглган формасы (ушул Тизменин №2 формасы боюнча);
  3. Уставдын көчүрмөсү, директордун же анын ыйгарым укаты менен бекитилген, бардык өзгөртүүлөр жана кошумчалар (эгер бар болсо), ошондой эле катышуучулардын жалпы жыйынынын же жалгыз катышуучунун бул Уставдын бекитилиши боюнча чечиминин көчүрмөсү;
  4. Катышуучу тарабынан тастыкталган юридикалык жактын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) күбөлүгүнүн/маалымкатынын көчүрмөсү;
  5. Жеке ишкер катары жеке каттоо күбөлүгүнүн / тиешелүү ишмердүүлүк түрү үчүн Мамлекеттик каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү / Патенттин (ыктыярдуу же милдеттүү) көчүрмөсү (тапшырылган күнгө карата күчүндө), ошондой эле Паспорттун / Идентификациялык картасынын көчүрмөсү;
  6. Юридикалык жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын бюджетине салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу тууралуу маалымат;
  7. Баштапкы баланс баракчасынын сканерленген көчүрмөлөрү жана бардык тиркемелер, мурунку 2 (эки) календардык жыл үчүн же БСД, уюмдун мөөрү жана кол тамгасы менен тастыкталган;
  8. Салык каттоо күбөлүгү;
  9. Ишмердүүлүк үчүн уруксаттар (лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар) (эгерде бар болсо);
  10. Катышуучу тарабынан тастыкталган директордун ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү (директорду дайындоо боюнча буйрук, директорду дайындоо боюнча катышуучулардын жыйынынын протоколунан үзүндү, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими). Эгер башка адам Катышуучунун атынан иш алып барса, келишимдерге жана башка документтерге кол коюуга укуктуу адамга тиешелүү түрдө тастыкталган ишеним каттын көчүрмөсү;
  11. Акыркы 2 жылда окшош жабдууларды жана себилдөөчү буюмдарын жеткирүү боюнча тажрыйба –референс тизмеси;
  12. Катышууга кызыкдар экендигин тастыктоочу кат;

Кароого өндүрүүчүлөрдөн же алардын расмий өкүлдөрүнөн түшкөн сунуштар гана кабыл алынат

13. Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация.

Для нерезидентов (участников других стран):

  1. Толтурулган сурамжылоонун көчүрмөсү (ушул Тизменин №1 формасы боюнча);
  2. Жеткирүүчүнүн деталдарын көрсөтүү жана өзгөртүү үчүн толтуруглган формасы (ушул Тизменин №2 формасы боюнча);
  3. Катышуучу тарабынан тастыкталган каттоо жана курамдык документтердин көчүрмөсү;
  4. Ишмердүүлүк үчүн уруксаттар (лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар) (эгерде бар болсо);
  5. Катышуучу тарабынан тастыкталган директордун ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү (директорду дайындоо боюнча буйрук, директорду дайындоо боюнча катышуучулардын жыйынынын протоколунан үзүндү, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими). Эгер башка адам Катышуучунун атынан иш алып барса, келишимдерге жана башка документтерге кол коюуга укуктуу адамга тиешелүү түрдө тастыкталган ишеним каттын көчүрмөсү;
  6. Уюмдун мөөрү жана колу менен тастыкталган бухгалтердик балансын жана анын бардык тиркемелеринин оригиналынын сканерленген көчүрмөлөрү же мурунку 2 (эки) календардык жыл үчүн оригиналдын сканерленген көчүрмөлөрү.
  7. Акыркы 3 жылда окшош жабдууларды (себилде же/жана өзүнчө себилдөөчү катары) жеткирүү боюнча тажрыйба –референс тизмеси;
  8. Катышууга кызыкдар экендигин тастыктоочу кат.

Кароого өндүрүүчүлөрдөн же алардын расмий өкүлдөрүнөн түшкөн сунуштар гана    кабыл алынат. (Өндүрүүчүнүн расмий каты менен ырасталышы керек)

Квалификациялык документтерди тапшыруу боюнча негизги талаптар:

  1. Конкурстун катышуучулары конкурс талаптарына ылайык катышуу табыштамасын орус тилиндеги даярдап, көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүүгө тийиш.
  2. Тандоо алкагында берилген бардык документтер конфиденциалдуу катары каралат.
  3. Өзүнүн сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин ырастайт.

Маанилүү!

  • Эгерде жеткириле турган Товар үчүн алдын ала төлөм каралса, Жеткирүүчү Келишимдин жалпы суммасының 5% (беш пайыз) көлөмүндө банктык кепилдигин же Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенмесин берүүгө милдеттүү.
  • Эгерде төлөм товар жеткирилгенден кийин жүргүзүлсө (посттөлөм), Жеткирүүчү Конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларациясын берет (Чакырууга №1 тиркеме).
  • Эгерде мурда (КГК) дарегине бул түрдөгү продукцияны жеткирбеген жеткирүүчү квалификациялык тандоодон ийгиликтүү өтүп, эң төмөн бааны сунуштаса, анда буйрутмачы продукциянын пилоттук (тесттик) партиясын жеткирүү боюнча Келишим түзүү демилгесин көтөрүүгө укуктуу.
  • Тесттик партиянын баасы коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн баадан жогору болбошу керек.

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомдо тапшырышат, мында эки топтом тең жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке бир убакта жөнөтүлүүгө тийиш:

  • №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз берилет),
  • №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек жана ал биринчи этапта ачылбайт; сырсөз буйрутмачынын талап кылуусунан кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт).
  1. KГК кошумча тастыктоочу документтерди суроого же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Эгерде так эмес маалымат табылса, сунуш четке кагылат.
  2. Эгерде бул Чакыруу боюнча суроолор пайда болсо, катышуучу тактоо үчүн Jyldyz.Jenalieva@kumtor.kg электрондук даректери боюнча кайрылса  болот, бирок квалификациялык жана техникалык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен. Түшүндүрмөлөр өтүнүч келген жеткирүүчүгө өтүнүч алынган электрондук почта аркылуу, өтүнүч алынган күндөн баштап 3 (үч) календардык күндөн кечикпей жөнөтөт.
  3. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес болушу керек.
  4. Документтерди тапшыруу мөөнөтү аяктагандан кийин, катышуучулар өзгөртүүлөрдү же кошумчаларды киргизе алышпайт.
  5. Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

KГК талаптарга жооп бербеген табыштаманы четке кагууга укуктуу. Документтерди тапшыруу сатып алуу процедурасынын кийинки этаптарына катышууну кепилдебейт.

Буйрутмачы квалификациялык жана техникалык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, ошондой эле конкурс жокко чыгарылса, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыяланган расмий веб-сайтына https://www.kumtor.kg/ru/ жайгаштыруу аркылуу кабарлайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР